super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев "мыйзамсыз тендер өткөрүүгө тиешем жок" дейт

 

Премьер-министр Темир Сариев Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорун курууда мыйзамсыз тендер өткөрүүгө тиешеси жок экенин билдирүүдө. Кечээ транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев тендерде уткан компанияда өкмөт башчынын жеке кызыкчылыгы болгонун айтып чыккан эле.

"Аталган жолдорду куруу долбоорун даярдап, ишке ашырганы боюнча министр Аргынбек Малабаев жекече жоопкерчилик тартат. Бирок жолду куруудагы мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин министр жоопкерчиликти башкаларга түрткүсү келип жатат. Мен өкмөттүн жетекчиси катары жоопкерчилик менен айта алам, тендерден кайсы бир компаниянын жеңишине менин кызыкчылыгым болгону тууралуу маалымат чындыкка жатпайт",- дейт Сариев.

Өкмөттүн маалымат кызматы жолдун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтеген мекемелер аралык комиссиянын чечими боюнча министр Малабаев жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаев мекемелер аралык комиссиянын бардык корутундуларын текшерип чыгуу боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырма берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: