super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Дин - азыркы заманда көпчүлүк ойлогондой ишеним эмес, эң күчтүү, эң кубаттуу идеология"

 

Коомдо Европаны тууроо менен динге ашыкча берилүү кошо жарышып келе жатат. Мунун айынан ар кандай секталар да өздөрүнө пайда издеп, адамдардын түшүнүгүн ар жакка бурмалоодо. Бул нерсенин экөө тең кыргыз маданиятын, каада-салтын жоготууга коркунуч туудурат. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта" деген тема талкууга алынды.

"Исламда фанатизм жок! Ислам динин тутунган инсан (мусулман) кечил эмес. Айтайын дегеним, намазын окуп эле өзү менен өзү жүрүү - бул ислам менен жашоо эмес. Бул исламдын кээ бир факторлорун жашоодон чийип салуу болот, бул туура эмес. Ислам - бүт жашоодо колдонуучу дин".

"Намазды тынч окуп, өзүнө тиешелүү билимди алып жашоо керек. Элге диний кийим-кечек, жүз-башты, кандай абалда болуу жөнүндөгү үгүттөрдү жарнамалоонун кереги жок! Биз - кыргызбыз!"

"Дин - азыркы заманда көпчүлүк ойлогондой ишеним эмес, эң күчтүү, эң кубаттуу идеология. Ал идеологияны ишке ашыруу үчүн ислам төбөлдөрү эч кандай финансылык ресурстарды, адам өмүрлөрүн аябайт. Бул буга чейин болгон, азыр да болуп жатат жана мындан ары да боло берет. Муну дүйнөлүк саясат деп коёт. Алар эч кандай партия-мартия түзүп убара болбой эле, дин аркылуу башыңарды айлантып, "тирүү бутага" айлантып коюшат. Өзүңөр да байкабай каласыңар. Андан көрө мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө пайдасы тие турган илим-билимге ээ болгула, амалдарды жасагыла!"

"Ошол силер айткан эски китептер, сасыган дамбалдар, чубалжыган хиджабдар - диндин, шарияттын өкүмү, аны силерге окшогондор танып, кабыл ала албайт. "Биз - кыргызбыз, биз кыргызча жашайбыз, ата-бабабыз элечекчен өткөн, биз да ошентип өтөбүз" деп жатышат, бирок бул да курулай өздөрүн алдоо".

"Терроризм ошол фанаттардын айынан келип чыгууда, тынч жаткан калкты басып алып, же болбосо жардырып, өз жанын кыйып, башкаларга да залакасын тийгизүүдө. Болбосо терроризм дегендин т-сын түшүнбөйт элек буга чейин. Кереги жок бизге башка өлкөнүн саясатынын!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
10.04.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч кандай балта-салта чабылбайт... Европаны дуурасанар чабылышы мумкун...
10.04.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ислам дини бар учун кыргыздар ыймандуураак жашап жатабыз, эгер динсиз жашаганыбызда голландиялыктарга окшоп, гейлерди, лесбиянкаларды, жана марихуанага окшогон наркотиктерди легализациялаштырып коймок, демократия, свобода слова деп, бул Кыргыз улутунун тамырына балта чабуу болот эле. Исламдын беш парызын аткарып жашасак, эки дуйнодода эн бактылуу адамдардан болобуз.
10.04.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тээтиги ай десен айды коргондун ордуна соомойду гана карагандар бар. Ислам десе эле болду мусулмандар мындай мусулмандар тигиндей... Ислам биздин талкуубузга муктаж эмес чынында. Бизге чейин болгон бизден кийин да болот
10.04.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салты эмес Ислам динин тандайм.
10.04.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар Ким каалагандай жашашка акысы бар,эч качан эч Ким мажбурлашка акысы жок.Бирок Кыргызмын деген атынды унутпай каада салтын сактап калыш керек.Мага Кыргыздын каада салты биринчи орунда турат,мен эч качан ата бабам колдонуп келген салтты эч бир жанга алмаштырбай.
10.04.2016. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында азыркы убакта динге болгон угут жолдору кобойуп баратат,айлар жылдар отуп Кыргызстан Сирияга айланып кимиси жакшы мусульман экенин билбей калбасак болгону. Сирияада бут баары сакалчан паранжи жабынган адамдар,ошондуктан терорис Ким экенин билбей олумдор кобойуп баратат.
10.04.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ulan4ik.80, Мусулмандар терорист эмес... Терористер мусулман эмес...
11.04.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.95,Азамат баарын убакт корсотот,бирок Кыргыз калкы ишенчек оомо калк болобуз.Бизди кандайдыр адамдар озубуздун ата бабаларыбыз илгеритеден колдонуп келген каада салтыбызды унутуруп оздорунун салтына айландырып жаткандай болуп жатат.Мейли Ким окууса окусун намазды ар адамдын оз эрки,бирок эч качан Кыргыздын салтын чектен чыгарган болбойт.Мисалы:Озбекстан Казакстан эли деле динге жакын калк,бирок оздорунун каада ото жакшы сакташат.
10.04.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Динсиз жашаса болот.Журоктордо ыйман болсо болду
10.04.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динсиз жашаган адам каафур болот а кафурлар эч качан бейишке кирбейт
11.04.2016. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал жоо жомок
11.04.2016. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эми таппаганынар ушул эле калды эле Биздин динибизге асылбагылачы сураныч Эвропаны туурайлы деп атасынарбы
11.04.2016. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дин ар бир адамдын журоктогу жеке ишеними, журокто толук Ыйман болсо ,намазды да окуйсун,хиджапты да киесин,башка парздарды аткарасын! Намаз окубайм менин журогум таза дегендер жанылышат... Беш кундук омурдо жакшы амалдарды аткарып,ибадат кылганга улгуролу бир туугандарым!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: