Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды
Чүй облусуна караштуу Москва районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Беловодск айылынын 1985-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 5-апрель күнү саат 15:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 4 миң сомдук бетон жана кыш тешүүчү жабдыкты уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Беловодск айылынын 32 жаштагы К.Н. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.