super.kg logo

БУУнун өкүлдөрү Ошто 2010-жылдагы коогалаңдан кийин тынчтык 15,1 миллион долларга кантип орнотулуп жатканын текшеришти (фоторепортаж)

 

4-8-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык орнотуу фондунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасында расмий иш сапары менен болушмакчы.

Бул иш сапардын негизги максаты - өлкөдө тынчтык орнотуу жаатындагы долбоорлордун ишмердүүлүгү менен таанышуу. Бул долбоорлор 2013-жылы ишке ашырыла баштаган. Алар адам укуктарын коргоого, тынчтыкты бекемдөөгө, көп тилдүү билим берүүгө багытталган. Долбоорлорду ишке ашырууга БУУнун Тынчтык орнотуу фонду жалпысынан 15,1 миллион доллар бөлүп берген.

Иш сапардын алкагында кечээ, 6-апрелде эл аралык делегация Ош шаарын кыдырды. Алгач делегация Ош облусунун Шарк айылындагы Абу Али ибн Сина атындагы орто мектебине барды.

Шарк айылында Абу Али ибн Сина атындагы орто мектебинде эл аралык делегацияны нан менен тосуп алышты

Шарк айылындагы орто мектебинин директору делегацияга кандай иштер аткарылганын айтып берип жатат

Шарк айылындагы орто мектебинин директору делегацияга кандай иштер аткарылганын айтып берип жатат

Ош облусунун Шарк айылындагы Абу Али ибн Сина орто мектебинин директору Рано Юлчиеванын айтымында, окуу жайда БУУ тарабынан бөлүнгөн акча каражатына футбол аянтчасы салынган. "Долбоордун негизги максаты - окуучуларды спорт аркылуу ынтымакка чакыруу, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, спортко кызыктыруу, мелдештерге катышууга жардам берүү. Мындан тышкары бул долбоор менен мектепте сабактар кыргыз, өзбек жана орус тилинде бериле баштады. 2012-жылга чейин сабактар өзбек тилинде гана өтүлчү. Жалпысынан мектепте 435 бала окуйт",- деди мектептин директору.

Шарк айылындагы Абу Али ибн Сина атындагы орто мектебинин директору Рано Юлчиева

БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун директорунун орун басары Мари Ямашита бул долбоор аймакта тынчтыкты орнотууга багытталган иш-чаралардын башталышы деп үмүттөнөрүн билдирди. "Бул жердеги жаштар "тынчтык" жана "тынчтыкты орнотуу" деген сөздөрдү жогору баалаганына абдан кубанычтамын. Ошто буга чейин өтө жаман окуя болгон. Жаштар, жергиликтүү бийлик ошол окуянын кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатышканы кубандырат",- деди Ямашита.

БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун директорунун орун басары Мари Ямашита

Шарк айылынан соң эл аралык делегация Амир-Темур шаарчасындагы Амир-Темур жаштар борборуна жөнөдү. Бул жерде БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун жардамы менен эки кабаттуу имаратта окуу борбору ачылган. Анда орус, англис тилдери, компьютер сабактары өтүлөт. Жаштар бул жерге каалаган убакта келишип, ар кандай маселелерди талкуулай алышат. Борбордун жетекчисинин айтымында, сабактар акысыз өткөрүлөт.

Оштун Амир-Темур шаарчасындагы Амир-Темур жаштар борбору

Амир-Темур жаштар борборуна келип окуган балдар

Амир-Темурдагы сабактар

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовдун айтымында, өлкөдө БУУнун жардамы менен ишке ашырылган долбоорлор мындан ары эми жергиликтүү бюджеттен каржыланышы зарыл. "БУУнун фонддорунда акча каражаттын көлөмү чектелген да, башталган долбоорлорду түбөлүк каржылай албайт. Ошондуктан эми долбоорлор жергиликтүү бюджеттерден каржыланышы керек. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер биргеликте ушундай Амир-Темур жаштар борбору сыяктуу долбоорлорду ишке ашырса туура. Биз баары менен сүйлөшкөнгө даярбыз. Эл аралык делегациянын өкүлдөрү жакшы жетишкендиктерди көрүп кубанычта болушууда. Бөлүнгөн акча каражатынын туура пайдаланышы абдан маанилүү",- деди Аванесов.БУУнун КРдагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов

Мындан кийин БУУнун делегациясы Ош шаардык мэриясына барып, шаар башкармалыгы менен жолугушту.

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Замирбек Aскаров Ош шаарындагы коомдук-саясий абал туруктуу экенин белгилеп: "Ош шаардык мэриясы жарандардын жашоосун жакшыртуу, достукту бекемдөө иштерине колдоо көрсөтүүгө даяр",- деп билдирди.

БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун директорунун орун басары Мари Ямашита фонд Ош шаарында 3-4 жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын белгиледи. "Этностор аралык чыңалууну жоюу боюнча ресурстарга жетүү маселелерин чечүүдө бизге жакшы саясий колдоо болуп жатканы байкалууда. Шаардыктардын арасында ынтымак жана достукту бекемдөө демилгелери мындан ары да улантылат деген үмүттөбүз. Ош облусунда ишибизди кеңири жайылтууну көздөп жатабыз",- деп билдирди Ямашита.

Жолугушуунун соңунда вице-мэр Замирбек Аскаров аталган фонддун директорунун орун басары Мари Ямашитага Ош мэриясынын атынан белек тапшырды.

Айта кетсек, жакынкы арада иш сапарынын алкагында БУУнун делегациясынын мүчөлөрү КРнын Президентинин аппарат башчысы Фарид Ниязов, КРнын Президентинин аппарат башчысынын орун басары Мира Карыбаева менен жолугушат. Ошондой эле делегация Баткен облусунда да бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
07.04.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булар Озбектердин жашоосун коргону келиптирда анда
07.04.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озбектер окуган жерге барыптырго
07.04.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан коро кыргыздардын мектебине барса болотко. Озучу уруш буткондон кийин видеолордо бир да кыргызга жардам бергенин корбодум. Жалан озбектерге корсотулгон жардамдар.
08.04.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калпак кийген бала козумо жакшы корунду,агайлар да калпак кийишсе болмок!!Кыздары кыргыз койнок кийип ,шокуло кийишпейби???Ошончо акча каякка жумшалды экен,,,,
08.04.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбектер жыргады кулайын деп калган уйлору коогаланда куйуп жок болуп бышык кыштардан жаны уйлорду салып алышты мамлекеттен болунгон акчаларга
08.04.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Кыргыздарга жардам жок ошентип сырттан келишип ошолорго жардам бере беришсе эртен дагын бир нерсени баштайт
10.04.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто ичин куйотта кыргыз мектепке барса болбойт бекен ушул жердеда байагыле кыргыздар калып кеттат
10.04.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге не кереги бар ушулардын ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-10 19:37:05
10.04.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bah_tee, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: