Футбол боюнча улуттук курам Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде алдынкы 100 команданын катарын толуктады

Футбол боюнча улуттук курам Эл аралык футбол федерациясынын бүгүн, 7-апрелде жаңыланган рейтингинде 100-орунду ээледи. Өткөн айдагы рейтингде 105-орунду ээлеген команданын 5 орун алдыга жылуусуна Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан курамасын конокто утканы шарт түздү.
Курам карамагындагы 340 упай менен дүйнөнүн 209 курамынын ичинен 100-орунду ээлеп турат. Бул көрсөткүч кыргыз футболунун тарыхында кезектеги рекорд катары саналат.
Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде улуттук курам 12-орунга көтөрүлдү. Бул дагы рекорд экенин белгилеп кетебиз.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугунун кийинки тандоо туруна чыга алган жок. Бирок команда 2019-жылкы Азия чемпиондугуна чыгуу үчүн тандоо турунун кийинки баскычына катышууга жолдомо алды.

Озбекстан-66 орун(АФК)
Кыргызстан-100 орун(АФК)
Казакстан-116 орун (УЕФ)
Таджикистан-164(АФК)