super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: Зинедин Зидандын кеңеши менен ислам динин кабыл алган атактуу футболчу Франк Рибери 33 жыл мурун төрөлгөн

 
1983-жылы 7-апрелде атактуу франциялык футболчу, Франция курама командасынын жана “Бавария” (Германия) футбол клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери жарыкка келген. Ал Франциянын батышындагы Булонь-Сюр-Мер деп аталган жарды аймакта жумушчунун үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Атасы канализацияларды оңдоочу болуп иштеген. Ал 4 бир туугандын эң улуусу болгондуктан, ата-энесине жардамдашып кичинелерди кароо анын моюнунда эле. Андыктан бала чагында бактылуу күндөрү дээрлик болгон эмес. Футбол ойногон учурларда гана ал бардык кыйынчылыктарды унутуп, өзүн бактылуу сезгени айтылат.
Футболчу карьерасында көптөгөн кыйынчылыктардан өтүп, франциялык "Булонь", "Олимпик", "Брест", "Мец" клубдарында, түркиялык "Галатасарайда" ойногон. Анын бактысы мюнхендик "Баварияда" ачылып, чыгаан футболчулардын катарына кошула алган.
Дал ушул клубда ойноо менен ал Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасын уткан. Бир нече жолу Германиянын чемпиону аталган. 2013-жылы УЕФАнын версиясы боюнча "Европанын мыкты футболчусу" болуп табылган. Ушул жылдын жыйынтыгы менен анын ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок Месси - Роналду атаандаштыгы Риберини "борт" тышында калтырган.
Ал Франциянын улуттук курама командасына чакыруу алып, 23 жашында майданга атактуу Зинедин Зидандын ордуна чыккан. Зидандын сөз болуп жаткан Рибериге көп кеп-кеңеш бергени белгилүү. Атүгүл анын ислам динин кабыл алуусуна себепчи болгон 2 адамдын бири Зидан экенин Рибери журналисттер менен курган маектеринде айтып жүрөт. Экинчи себепчи - алжирлик Вахиба Бельхами аттуу айым. Сүйүүсү үчүн баарына даяр болгон Рибери Куранды окуп үйрөнүп, ислам динин кабыл алган. Анын мусулманча аты – Билал. Рибери исламды сүйгөнүнө үйлөнүш үчүн гана эмес, чын дилинен окуп түшүнгөндүгү үчүн да кабыл алган.
7-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
07.04.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба, чынында мыкты футболчу.
07.04.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
зыңк фудболистта
07.04.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
оо Рибери брат менен адаш экенминда
09.04.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин адам экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: