super.kg logo

Жалал-Абадда өткөн "Мыктыгер" аскердик спорттук иш-чарасына 2 миңге жакын адам катышты (фото)

 

Бүгүн 7-апрелде 7-Апрель окуясына карата Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" фольклордук талаасында "Мыктыгер" аскердик спорттук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 2 миңге жакын адам катышты. "Мыктыгерде" ИИМдин атайын багыттагы полкунун жоокерлери тактикалык машыгууларды өткөрүп, куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандырып, барымтадагыларды куткаруу боюнча тактикалык көрсөтмөлөрдү көрсөтүп беришти.

Ошондой эле Каратэ-до федерациясынын жана "Динамо-Самбо" спорт клубунун жаш спортчулары тарабынан спорттук көнүгүүлөрдүн элементтери көрсөтүлдү. Ал эми "Мыктыгер" спорттук тарбиялык иш-чараларына катышкан окуучулар 5 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ал аралыкта ар кандай чукул тоскоолдуктардан өтүштү. Сынакка катышкан окуучулар бул аскердик спорттук иш-чара элди сүйүүгө, мекенди коргоого болгон сезимдерин жогорулатканын белгилешти",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн мыкты! Эн жакшы! Абдан жакшы! Кыргызстан алга!!!
07.04.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушентип патриотук сезимди которуу керекда азамат
08.04.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бата бата мин мин круортогу курманбек ат майданыбеле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: