Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 3 жашар бала табыла элек
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда 3 жашар баланы Аламүдүн суусунан издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ленин айылынын 2013-жылы туулган Имран Шамшыбеков аттуу тургуну 4-апрелде сууга чөгүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Бала жоголгон күндөн бери аны издөө-куткаруу иштери натыйжасыз болууда. "7-апрель күнү издөө иштери убактылуу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.