Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, Ош шаарында кампанын чатыры күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Ош шаарындагы Өзгөн көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында темир устундуу, шифер жабылган кампанын 5 чарчы метр чатыры күйүп, жанындагы гараждын ичинде токтоп турган Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаанын 2 фарасы, бампери, айнеги жарылып, жараксыз болуп калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Провокация жаратуучу билдирүүлөр көп жазылып жаткандыктан улам "Саясат" бөлүмүнө комментарий жазуу мүмкүнчүлүгү убактылуу жабылды.