super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин романтика жоголуп кетеби?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин романтика жоголуп кетеби?" деген тема талкууланууда.

Темада автор: "Кызыбыз төрөлгөндөн кийин үй-бүлөдө романтика такыр жоголду. Мен жакшы эле аракет кылам, күндө түрлөп сүйгөн тамагын жасайм, жакшы сөздөрдү айтам. Жолдошум болсо чарчап келдим деп эле телевизор көрөт да уктап калат. Бул жаатта силерде кандай?"- деп суроо салган.

Буга колдонуучулардын жооптору:

"Тескерисинче, үйлөнгөндөн кийин сүйүү башталат. Биздин баш кошконубузга 9 жыл болду, бири-бирибизди аябай сүйүп жашайбыз. Эң биринчи аял киши күйөөсүн сыйлаш керек, эркелетиш керек, ал киши кандай болбосун, арак ичеби, акча таппайбы, эркекти сыйлаш керек. Алар кичинекей баладай, эркелетсең эркелеп калышат, жакшы мамиле кыла баштайт".

"Романтиканы аял өзү ойлоп табыш керек, чарчап келсе да көөнүнө жаккан бир нерсени ойлоп таап. Мисалы, курсак бийин бийлеп".

"Романтиканы тапканга күйөөсү да кошумча болуш керек. Мисалы, "идишиңди бат жууй кой, мен баланы уктата коёюн" деп жардам берип. Анан "Жумушуңду бүтүрбөйсүңбү, баланы уктатпайсыңбы, мен эс аламбы?" деп корсулдап турса кайдагы романтика?"

"Балалуу болгон соң бири-бириңдин сезимиңер балага оой түшөт. Ошондо ортодо романтика басаңдаса керек".

"Менин жолдошум бир калыптагы адам, же жакшы көргөнүн, же жаман көргөнүн билбейсиң. Өзүм эркелетип жакшы сүйлөп көп аракет кылам, бирок андайда кайра мага "Бүгүн эмне болуп калгансың?" дейт. Мен мындан да көп көңүл буруусун, эркелеткенин күтөм. Акыркы күндөрү башкача ыкмага өттүм, мен да көңүл бурбай, ашыкча сүйлөбөй. Жумушта кармалып жатса да чалбай койдум. Анан өзү "Эмне болду, сурабайсың, зымың тийип калдыбы?" деди. Менин да ордум бар экенине сүйүнүп калдым".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.04.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер кж бир досум Баткен тарапта катуу атышуу болуп жаткандай жардыруулардын уну чыгып жатат дейт билип бергилечи сураныч
08.04.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tairermatov,Алла де дагы эмнени баштап жатасынар
08.04.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tairermatov,жалган
08.04.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оттосонор дагы
08.04.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээлер айтат бала торолгону мамиле солгундайт деп.Кээлер тескери суйуу жанданат.Ар кандай Адам барда.Мисалы башкача эркелетип жакшы соз айтып ,башка ыкмага отсон муну кайдан уйронуп келдин деп эзгендерда бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: