super.kg logo

Жалал-Абад. Мектептердин аймактарын жашылдандыруу иш-чарасынын алкагында жогорку класстын окуучулары көчөт тигишти

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун №17-орто мектебинин жогорку классынын окуучулары жашылдандыруу иштерин башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин мектептин аймагын жашылдандыруу программасынын алкагында окуучуларга бак-дарак көчөттөрү берилген. Жогорку класстын окуучулары көчөт отургузуу ишин жыйынтыктап жатып мындан кийинки камкордукту кичи класстарга тапшырышты. Мектеп жамааты белгилеп кеткендей, 50 көчөт жакын арада гүл бакчага айланат жана келечекте жемишин берет.

Эске сала кетсек, “Чырпык чынар болот, өлкөбүз гүлзар болот” аталышындагы программа өкмөт тарабынан республиканы жашылдандыруу максатында мектептер арасында уюштурула баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.04.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бак тигели, жүргүлө,
Биздин мектеп алдына.
Кең казалы арыгын,
Бирден күрөк алгыла... деппи ))))

Эми буларды жакшылап карагыла, бир-эки жыл, тамыр алгыча, болбосо куурап калып, эмгегиңер талаага кетпесин.
08.04.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бак тигуу сооп иш.Жакшы жанылык.
09.04.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин сонундемилгени колго алыпсынар азаматтар. Менин окуп буткон алтын мектебимго. Райондо копчулук учурда биринчи болчу. Бул жаатта да алдыда молодцы сыймыктанам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: