Бишкекте поезд менен унаа кагылышып, анын кесепетинен унаанын айдоочусу жаракат алды

Бишкекте поезд менен унаа кагылышып, анын кесепетинен унаанын айдоочу жабыркады. Бул тууралуу 8-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ саат 16:54 чамасында Ала-Тоо конушунун аймагындагы поезддин жолунан поезд менен унаа кагылышып кеткен. Анын кесепетинен унаанын 44 жаштагы айдоочусу бир катар жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери барып, жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Жаракат алган айдоочу ооруканага жатуудан баш тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Beka.kaba, эскертүү!
Аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган!