Темир Сариевдин айланасындагы чыр боюнча депутаттык комиссиянын отуруму үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү боюнча депутаттык комиссиясынын отуруму үзгүлтүккө учурады. Комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиевдин ("Бир бол" фракциясы) айтымында, буга тиешелүү материалдардын жоктугу себеп болду. Депутат Таабалды Тиллаев ("Республика - Ата Журт" фракциясы) ага каршы пикирин айтты. "Жыйында кворум бар, көптөгөн журналисттер келишти. Отурумду өткөрө берели",- деп демилгеледи Тиллаев.
Комиссиянын мүчөлөрү отурумду өткөрүү же өткөрбөө боюнча талкуу жүргүзүшүп, жыйынтыгында тиешелүү материалдар топтолгон соң комиссиянын отурумун өткөрүүнү чечишти. Ал эми бүгүнкү отурум үзгүлтүккө учурады.
Айта кетсек, аталган депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер мыйзамсыз өткөрүлгөнү үчүн премьер-министр Темир Сариевди айыпташкан. Т.Сариев өз кезегинде бул маселеге тиешеси жок экенин билдирген. Президенттин тапшырмасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы аталган тендер боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын отуруму үзгүлтүккө учурады (8-апрель, 2016)

