Шотландияда белгилүү жазуучу Уильям Шекспирдин чыгармаларынын алгачкы басылмасы табылды

Британиялык окумуштуулар белгилүү жазуучу Уильям Шекспирдин чыгармаларынын алгачкы басылмасын таап чыгышты. Табылга Шотландиядагы орто кылымга таандык сепилдеги китепканадан табылган. 1623-жылы басылып чыккан 3 томдук китеп жакында жалпыга көрсөтүү үчүн коюлат. Басылмада жазуучунун 36 пьесасы камтылган, бирок анын жарымы бир да жолу жарыкка чыккан эмес. Мааниси терең чыгармалар жөн эле жок болуп кетиши мүмкүн эле, андыктан табылга баалуу деп эсептелүүдө.
Уникалдуу ачылыш улуу жазуучунун көзү өткөндөн туура 400 жыл өткөндөн кийин болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Ал бөлүмгө провокация жаратуучу билдирүүлөр коп түшкөнүнө байланыштуу, убактылуу комментарий жазуу мүмкүнчүлүгү жабылган.