super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча менен жолугушту

 

Бүгүн, 27-мартта төрага Асылбек Жээнбеков БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн первентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Жолугушуунун жүрүшүндө Мирослав Енча жакында эле Ош облусунда болгондугун, Кыргызстанда 2010-жылдан кийинки абал турукташа баштагандыгын билдирди. “Өз кезегинде БУУнун Тынчтыкты орнотуу фонду аркылуу Кыргызстан эл биримдигин жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө концепциясын ишке ашыруу жүрүмүнө колдоо көрсөтүүгө даяр”, - дейт ал. Төрага парламенттик систем мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш жүргүзүүсүнө кеңири жол ачып, мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өлкө калкынын бардык катмарын, бардык улут өкүлдөрүн камтый тургандыгын айтты. Андан сырткары тараптар Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаал, өлкөлөр ортосунда парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: