super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте муз үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу старт алды (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 9-апрелде Бишкек шаардык муз аянтында хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу старт алды. 14-апрелде жыйынтыктала турган мелдешке Кыргыз Республикасы, Индия, Катар, Малайзия жана Макао курамалары катышууда.

Ачылыш аземине вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов, КРнын Хоккей федерациясынын президенти Анарбек Оморканов, Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү, күйөрмандар катышты.

Ш.Бакиров өз кезегинде аталган мелдештин кыргыз жеринде өтүп жатканы кубандырарын айтып, спортчуларга ийгилик каалады.

Мелдеш 14-апрелге чейин уланат. Оюндардын тизмеси төмөнкүчө:

9-апрель
Катар — Малайзия - 1:3
Индия — Кыргыз Республикасы - 1:11 (фоторепортаж)

10-апрель
15:30. Макао — Индия
19:00. Кыргыз Республикасы — Катар

11-апрель
15:30. Макао — Катар
19:00. Кыргыз Республикасы — Малайзия

13-апрель
15:30. Малайзия — Макао
19:00. Индия — Катар

14-апрель
15:30. Малайзия — Индия
19:00. Макао — Кыргыз Республикасы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: