super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: 11 жыл мурун каскадёр Үсөн Кудайбергенов белгисиз адамдар тарабынан үйүндө атылып өлтүрүлгөн

 

2005-жылы 10-апрелде Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында бүткүл дүйнөгө таанымал, Орто Азиядан чыккан биринчи каскадёр Үсөн Кудайбергеновду өз үйүнөн атып кетишкен. Бул атайын тапшырма менен жасалган каргашалуу өлүм катары белгилүү. Себеби ошол жылы 24-март окуясынан кийин өзүнүн жигиттерин чогултуп атайын штаб ачып, өлкөбүздөгү болгон талап-тоноолорго каршы туруп, жерлерди басып алып жаткандарды биримдикке, тынчтыкка үндөп жүргөндө телеге чыгып: "Мен шаардагы талап-тоноолорду, жерлерди мыйзамсыз басып алууларды ким уюштуруп жатканын билем. Учурда иш юридикалык жактан каралууда. Буюрса, чындык ачыкка чыгат",- деп айтканы бар.

Ал 1949-жылы 27-ноябрда Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал кинематография тармагында отуз жылдан ашык эмгектенип, 150дөн ашык фильмде өз ишин аткарган.
Үсөн Кудайбергеновду "Юность гения" аттуу өзбек фильмде 27 метр бийиктиктеги жардан ат үстүндө 1,5 метр бийиктиктеги Сыр-Дарыяга секирген трюк жасаганы үчүн "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизишкен. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин "Мыкты каскадёр" деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он каскадёрдун бири болгон. Бул үчүн Үсөн Кудайбергенов каскадёрлордун "Ардактуу куру" сыйлыгын алган. Өзүнүн кинодогу эмгек жолунда бир топ иштерди жасап, мурдагы Советтер Союзундагы бардык киностудиялар жана чет өлкөдөгү киностудиялар менен кызматташкан.
10-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.04.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Качан бизде буттан чалып жыгытмай жок болот. Алдыга сурогон сайын артка тартат.
10.04.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындык билинип калса. Отуруп калмакда турмого...
10.04.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев аттырып салган
10.04.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын канчалаган мыкты жигиттеринин тубуно жетти Бакиев деген ХХХ ХХХ.Анан ушул тапта да Бакиев мыкты эле деп чыга калган ХХХХ бар.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-11 18:33:05
11.04.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
behappy74, Urmat_83, behappy74, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол жок!
behappy74, 2 күн, Urmat_83, behappy74, 7 күндөн БАН!
10.04.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйын каскадер эле.Жигитовканы тузгон киши да ушул киши эле.Эми казактар кыйын болуп атышат.
10.04.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk,туура айтасың,азыркы учурда дүйнө жүзүнө атагы чыгып жаткан казактардын Nomad командасында каскадерлордун башында, жалаң кыргыз жигиттери турчу эле... Азыр көбү казактар.
Nomad Россия, Голливуд, Европада мыкты каскадерлор болуп эсептелет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: