Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Алай" футболдук клубу "Кара-Балтаны" 6:0 эсебинде утту

9-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада 2 беттеш орун алды. Бишкекте өткөн оюнда "Алга" (Бишкек) футболдук клубу "Ала-Тоону" (Нарын) 2:0 эсебинде утту. Ал эми Ошто өткөн оюнда "Алай" футболдук клубу "Кара-Балтаны" 6:0 эсебинде утту.
Бул күнү жеӊишке жетишкен командалар лидерлик сапта бараткан "Дордойдун" алыстап кетүүсүнө шарт түзүшкөн жок. 10 упай топтогон "Дордойдон" кийин 2-орунду "Алай" ээлеп келсе, "Алга" 7 упайы менен 3-орунду ээлеп турат.
Гол катыштыктарына токтолсок, 3 оюнда "Алай" 9 гол киргизип, эӊ көп гол киргизген команда болуп турат. "Алайлыктар" өз дарбазасына бир дагы топ өткөрө элек. Ал эми "Кара-Балтанын" дарбазасына киргизилген голдордун саны 4 оюнда 18ге жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

09/04 Алга 2 - 0 Ala-Too
16/04 Дордой-Д - Алай
16/04 Абдиш-Ат - Aldiyer
16/04 Алга - Kara-Bal
23/04 Алай - Алга
23/04 Kara-Bal - Абдиш-Ата
# Команда О
1 Дордой-Динамо 10
2 Алай 9
3 Алга 7
4 Абдиш-Ата 3
5 Ala-Too 3
6 Kara-Balta 3
7 Aldiyer Kurshab 0