super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Биз сотту сыйлап, 3-октябрдагы митинг боюнча анын чечимин күтүшүбүз керек”

 

Бүгүн, 27-мартта президент Алмазбек Атамбаев Укук коргоочулар кеңешинин билдирүүсү менен таанышты. Анда 3-октябрдагы митинг боюнча, алардын көз карашында, тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерге тынчсыздануу билдирилген.

Президент кызуу талкуу жараткан иштерге карата коомчулуктун бардык билдирүүлөрүн жана кайрылууларын кунт коюп карап чыгат жана мамлекеттик органдардан мыйзамдуулукту жана жарандардын укуктарын бекем сактоону талап кылат. “Биз сотту жана мыйзамды сыйлообуз керек. Сабырдуулук кылып, соттун чечимин күтүүбүз зарыл. Ал 3-октябрдагы окуялардын бардык жагдайларын эске алуусу, анда катышкандардын иш-аракеттерине жана жүргүзүлгөн тергөөнүн сапатына баа берүүсү абзел. Эгерде сот тергөөнүн жүрүшүнөн бузууларды тапса, анда тиешелүү кызмат адамдары жазаланат”,- деп баса белгиледи мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: