super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-АПРЕЛЬ: Бүткүл дүйнөлүк шал оорусуна каршы күрөшүү күнү

 
11-апрель Бүткүл дүйнөлүк Паркинсон оорусу (калтыратма шал) менен күрөшүү күнү катары белгиленет.
Паркинсон - борбордук нерв системине байланышкан мээ оорусу. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул илдетке кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Тукум куучу оорулардын дагы катарына кирет. Жугуштуу эмес. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар буга кабылат.
Мындан эки жүз жыл мурун Англияда ушул дарттан азап чеккен Жеймс Паркинсон деген адам жашап өткөн. Ооругандагы абалын ийне-жибине чейин кагаз бетине түшүрө берип, кийин анысынан "Калтыратма шал оорусу тууралуу эсселер" деген эмгек жаралган. Ошондон улам ооруга анын аты коюлуп калган.
Бул дартка чалдыккан белгилүү адамдар жөнүндө кеп кыла турган болсок, бокс боюнча Дүйнө чемпиону, уламышка айланган Мухаммед Али аталган оорунун оор түрү менен ооруган. Көбүнчө бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Ага дарыгерлер 1984-жылы эле ушул диагнозду коюшкан. Мухаммед Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон.
Кыргыздын залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековду да өмүрүнүн акыркы жылдарында бул оору коштогон.
11-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: