Борбор калаада жөө жүрүүчүнү эки унаа сүзүп, оор жаракаттардан улам 22 жаштагы жигит мерт болду
Борбор калаада жөө жүрүүчүнү эки унаа сүзүп, оор жаракаттардан улам 22 жаштагы жигит мерт болду. Бул тууралуу Жол-патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде саат 20:00 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө орун алган. Аталган көчө менен батыш тарапка бараткан Лексус 570 үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бараткан жигитти сүзүп кеткен, катуу ылдамдыкта каршы тилкеде келаткан Ауди А-4 үлгүсүндөгү унаа жабырлануучуну тебелеп кеткен. Оор жаракаттардан улам 22 жаштагы жабырлануучу каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Ата -эне,бир тууган, жакындарына сабыр берсин Кудайым. Эх, кайран гана жаш омур...!!!