super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Сариев алдыдагы президенттик шайлоонун курмандыгы болдубу?

 

Бүгүн, 11-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Премьер-министр Темир Сариев отставкага кеткенин расмий жарыялап, кызматын тапшыруу боюнча президентке арызын жиберди. Өкмөт жетекчисинин мындай билдирүүсүнөн көп өтпөй арызга мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Сариевдин отставкага кетери же кетпеси тууралуу акыркы күндөрү түрдүү пикирлер айтылып жаткан эле. Тендер чуусун саясий интрига деп атаган премьер мунун артында парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев турарын маалымдады. Өкмөт жетекчисинин отставкага кетишине Исаев эле эмес, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери, депутаттары кызыкдар болгонун акыркы апта даана көрсөттү. Өкмөт башчынын тегерегиндеги кырдаал бир заматта кескин курчуп кетти, себеби эмнеде болушу мүмкүн?

Бийликтеги таасирдүү күчтөр 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого даярдыкты баштагандай. Сариевди ээрден шыпырууга баарынан мурун президенттин тегерегиндегилер кызыкдар экенин айтышкан эксперттер мындай аракетти премьер-министрдин дымагын өчүрүү катары баалашууда. Кыргызда "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деп айтылат. Саясий тажрыйбасы жетиштүү, 2010-жылкы бийлик алмаштыруунун негизги каармандарынын бири катары Темир Сариев президенттик шайлоого жакын кызматын тапшырып, президенттикке талапкерлигин коюшу толук мүмкүн эле. Парламенттеги партиялардын эч биринде жок жана бийликти реалдуу ээлеп тургандардан биротоло көз каранды эмес фигура. Анын президенттикке талапкер болуп чыгышы же керектүү маалда тийиштүү колдоону көрсөтпөй коюшу президенттик шайлоодо биринчини көздөп турган "таасирдүү күчтөргө" сөзсүз баш оору жаратмак. Ошондуктан аларга "өздөрүнүн" кишиси керек болуп жаткандай.

Ак үйдөн ишенимдүү колдоо болбогондо, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевдин "шефине" каршы чыгышы күмөн болчу. КСДП, анын позициясын жактаган башка фракциялардын лидерлеринин Сариевди отставкага кетирүүгө шашылганы, Исаев демилгелеген депутаттык комиссиянын чечими жогоруда айтылган ойду бекемдейт. Парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" фракциясын парламентке өткөрүүгө КСДП фракциясы кызыкдар болгону айтылып жүрөт. Сариевдин ордуна талапкер болушу мүмкүн делгендердин арасында Канат Исаевдин ысымы айтылып жатканы да бекеринен эместир. Исаевдин президенттикке талапкер болуу дымагы байкала элек, ошол эле учурда "дайыма бийлик тарапта болуу, ага кызмат кылуу" дегенди мыкты өздөштүргөн саясатчы.

Ушундай кырдаалдан караганда "тендер чуусунун" авторлору жеңишке жетишти. Жакында жаңы премьер-министр шайланат, кеп анын Сариевден кыйындыгында деле эмес, президенттик шайлоо алдындагы тылды бекемдөөдө. Сариевди болсо баары бир кетиришмек, анын "тазамын, ачык иликтөө кылгыла" дегенин уккусу келгендер жок экени акыркы күндөрү билинип калды...

Президент Алмазбек Атамбаев парламентке премьер-министрдин министрлерди кызматынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизүүсүн негизсиз чектеген кемчиликтерди жоюуну сунуштады. Муну да жаңы дайындалчу премьерге берилчү артыкчылык деп кароого болот.

Президентке моюн сунган Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы армияны өлкөнүн ичинде тартип орнотууга пайдаланууну көздөөдө. "Кризистик кырдаалдар жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүү демилгеси учурда коомдук талкууда. Жаңы “кризистик кырдаал режимин” киргизүү менен кризистик кырдаалдарды жоюу, андай учурда атайын каражаттарды, аскердик техникаларды жана күчтөрдү колдонуу жолдору каралууда.
Республикалык маанидеги жолдорду тосуу, бийликке куралдуу каршылык көрсөтүү, стратегиялык жайларды басып алуу, массалык баш аламандык дагы кризистик кырдаал жарыялоого негиз болорун эске алганда, Башкы штаб сунуштаган чара аша чапкандык. Армиянын максаты - өлкөнү тышкы душмандардан коргоо, мамлекет аны кайсы ички "душмандарга" колдонгону жатат? "Лөлүдөн баатыр чыкса өз элин чабат"... Бийликтин бул аракетине мындан башкача баа берүү мүмкүн эмес болуп турат. Өлкөнүн ичиндеги кырдаалды көзөмөлдөөгө күчү жетпей жатса, ИИМ менен УКМКны эмне кылууну ойлонуу керектир... Же алардын бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн телефонун тыңшагандан башкага алы жетпей калдыбы?
Бишкек шаарынын Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаранга ок чыгарган кылмышкерлер табылбай жатат. Бишкек милициясы аларды издөө жүрүп жатканын, бирок эки күндөн бери натыйжа боло электигин кабарлады.
Борбор шаарда чак түштө жасалган оор кылмыштардын саны кыскаруунун ордуна өсүп жатат, милиция менен сотту эч ким тоготпой калгандай таасир калтырууда. Кылмыш деги эле болбосун, бирок ырайымсыз кылмыштар түндө катталчу жана мынчалык көп болчу эмес. Азыр чак түштө атышуулар, бычакташуулар, зордуктоолор. Кызматка дайындалып жатканда тармакта реформа жасай турганын, андан кийин милицияга эл абдан ишене баштаганын айткан министр Турганбаев кайда? Элдин ишенимин санагандан мурун ИИМдин "эшигинин алдында" болуп жаткан кылмыштарды токтотуп алсаңар кантет?..

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: