Кытайда эгиз жубайлар бири-бирин ажырата албай жатышкандыктан, пластикалык операция жасатышат (фото)





Кытайдын Шаньси аймагындагы эгиз жубайлар бири-бирин ажырата билгенге оӊой болуу үчүн пластикалык операция жасатышат. Юнь Фэй жана Юнь Ян аттуу эже-сиӊди эгиздер февраль айында коӊшу айылдагы Чжао Синь, Чжао Сюань аттуу эгиз жигиттерге турмушка чыгышкан. Бирок төртөө теӊ кимиси менен никеде турарын кээде ажырата албай жатышкандыктан, сырткы көрүнүштөрүн өзгөртүүнү чечишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эгиз жигиттердин биринин айтымында, бир күнү ал сейилдөөгө чыккан. Бирок адашып, агасынын аялын ээрчитип алган. Ошондой эле төртөөнү бири-биринен достору, жакындары да ажырата алышпайт. Маалыматтарга караганда, жакында Шанхай ооруканаларынын биринде түгөйлөрдүн мурдуна жана маӊдайына жеӊил өзгөртүү киргизүү үчүн пластикалык операция жасалат.

Бироо башкача прическа кылса эле айырмаланатго!
Мындан 2 жыл мурун чыккан аялчы супсулуу болуп, балдары окшошпой кайдан чыккан деп куйосу тан калып сотко берип, ал да чон реклама болчу дейт