super.kg logo

Сузактын 41 жаштагы тургуну "чырдан улам теңтушун өлтүргөн" деген шек менен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында "чырдан улам адам өлтүргөн" деген шек менен 41 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 3-апрелде саат 17:00 чамасында Көк-Жаңгак шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1975-жылы туулган Көк-Жаңгак шаарынын тургунунун жансыз денеси табылган. Бул окуя боюнча тергөө бөлүмү тарабынан "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Алгачкы текшерүү амалдарынын жүрүшүндө маркумдун денесинен жараат табылган эмес. Бирок маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул окуяга шектүү катары 41 жаштагы Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну кармалды. Ал өз ара чырдан улам мушташа кетишкенин билдирди. Тергөө амалдары уланууда",- дешти милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.04.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ аты жонун толук жазгылачы
11.04.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chyngyz79, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аты жазылбайт, ушундай нерсе бар экен... Анткени бул азырынча шектүү гана да,күнөөсү толук далилдене элек, а балким, ал эместир... Ошон үчүн мындай учурда аты-жөнү толук берилбегени туура го дейм...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: