super.kg logo
  Спорт  

Кыргыздын 12-14 жаш курагындагы футболчулары Чемпиондор Лигасынын финалын Милан шаарынан жандуу көрүп келишет

 
Чемпиондор Лигасын акыркы сезондо испаниялык "Барселона" жеңип алган.

Бишкектин "Дордой" футболдук клубунун 12-14 жаш курагындагы футболчулары Италиянын Милан шаарында өтө турган "Футбол достук үчүн" деген аталыштагы форумга катышат. Форумда алар дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн чогулган 32 команданын катарын толуктап, атайын мелдешке катышмакчы.

Аталган клубдан кабарлашкандай, сапардын алкагында жаш футболчулар УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2016-жылкы сезонунун финалын жандуу көрүп келишет. Чемпиондор Лигасынын финалы 28-майда Миландагы "Жузеппе Меацца" (Сан-Сиро) стадионунда өтөт.

Легендарлуу немис футболчусу Франц Беккенбауэр элчилик кылган "Футбол достук үчүн" долбоору быйыл 4-ирет уюштурулуп жатат, кыргыздын жаш футболчулары алгачкы жолу чакыруу алышты.

Кошумчалай кетсек, Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонунда учурда чейрек финалдык оюндар ойнолуп жатат.

Алгачкы чейрек финалдык оюндардын жыйынтыктары:

"Барселона" (Испания) - "Атлетико" (Испания) - 2:1 (Фото+видео)

"Бавария" (Германия) - "Бенфика" (Португалия) - 1:0 (Фото+видео)

"Вольфсбург" (Германия) - "Реал" (Испания) - 2:0 (Фото+видео)

ПСЖ (Франция) - "Манчестер Сити" (Англия) - 2:2 (Фото+видео)

Командалардын ортосундагы жооптук оюндар 12-13-апрелде орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.04.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун жанылык.
11.04.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх мен дагы ушулар менен чогуу болуп калсам гана. Эмне демекчибиз, ийгилик балдар.
11.04.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eldar., балаңызды фудболго бериңиз
11.04.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patriot..kg,
Мага ойногон эмес, финалды коргон кызык болмок.))) Кудай буюрса баламдын бироосу соссуз футболчу болот деп ишенем.
eldar. түзөттү 2016-04-11 19:26:34
11.04.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени да кошуп алгылаа!
12.04.2016. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда барганымда арманым жок болотле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: