Жалал-Абадда айдоочуга кол салган жүргүнчүлөр кармалды
26-март күнү Жалал-Абад шаарында Н.Айтматова көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда токтоп турган Тико үлгүсүндөгү унаага жашы 20-25 жаштардагы 2 жаран отурушуп, айдоочудан “Көк-Арт” кичи районуна жеткирүүнү суранышкан. Айтылган дарекке жете электе жолдон жүргүнчүлөрдүн бири айдоочунун моюнуна бычак такап, анын уюлдук телефонун жана 600 сом акчасын тартып алышкан. Мындан соӊ, кылмышкерлер белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча Жалал-Абад шаардык ИИББи тарабынан кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында Сузак районунун жашоочулары 23 жаштагы Т.К. жана 22 жаштагы Д.Д. аттуу жарандар кармалышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.