super.kg logo

Сузак районунда түшкөн жер көчкүдөн улам 31 үй электр энергиясыз калды

 

Жалал-Абад облусунда жер көчкү түшүп, 31 үй электр энергиясыз калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 11-апрелде саат 16:00 чамасында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайыт жерде көлөмү болжол менен 30 000 куб метр жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнүн кесепетинен айылдын булагы тосулуп калган. Жергиликтүү тургундардын аракеттери менен суунун нугу калыбына келтирилген. Алчалуу айылын камсыздаган 3 электр мамылары зыянга учурап, 31 үй убактылуу электр энергиясыз калды. Андан сырткары жер көчкү жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды жана 19 түп теректи басып калган.

Кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлөнүн коопсуздугун сактоо максатында аларды башка жайга чыгаруу боюнча эскертмелер берилген. Бүгүн электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер Сузак райондук электр тармактар ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: