super.kg logo

Ош. Жарнактарды илүү үчүн коюлган 100дөн ашык такталар турса да, жарыялар туш келди чапталып жатат

 

11-апрелде Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарнактарды илүүнүн эрежеси боюча атайын рейд уюштурулду. Рейддин жүрүшүндө шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан аялдамаларда, жол боюнда орнотулган көрнөк-жарнактардын эрежелери текшерилип, жарнак ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэриядан кабарлашкандай, Ош шаары боюнча 54 аялдамада көрнөк-жарнактарды илүү үчүн 74, коомдук жайларда эс алуу жайларында 100дөн ашуун такталар орнотулган.

“Атайын көрнөк-жарнактарды илүү үчүн такталар болгонуна карабай жарыя берүүчүлөр каалаган жерине илип кетип жатышат. Бул шаарыбыздын тазалыгын жана көркүн бузат. Ошондуктан жарыя ээлерине эскертүү каттарын жөнөтүп жатабыз, бирок көпчүлүк буга кайдыгер карап жатат",- деди Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмүнүн башчысы Нурбек Азимбеков.

Жарнак ээлери жарыя кагаздарын жол боюндагы бак-дарактардан алып, тазалоосу керек. Эгерде бул иш-аракеттер аткарылбаса, административдик чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.04.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Штрафтын олчомун олчойтуп салгыла экинчи илбейт,дареги,телефону жазылып турат таап штраф салгыла,айрыкча артисттер менен депуттардын жарнамалары ар жерде чапталуу.Шайлоо маалында уйдун дарбазаларына чейин чаптап кетишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: