super.kg logo

"Абдыкерим Гапаровдун каза болгонуна 1,5 ай болду, анын кабинети ошол убакыттан бери жабык турат" дейт маркумдун кесиптеши

 

Абдыкерим Гапаровдун каза болгонуна 1,5 ай болду, бирок анын өлүмүн иликтөө иштери натыйжасыз бойдон калууда. Анын кабинети иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 1,5 айдан бери жабык турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын юристи Медербек Осмоналиев билдирди.

"Мен бүгүнкү маалымат жыйынына академиянын юристи эмес, маркумдун жакын таанышы катары келдим. Ал каргашалуу окуя болгон күнү саат 16:00 чамасында 10го жакын адам академияга жулунуп кирип, эшиктерди жаап, А.Гапаровдун кабылдамасына эч кимди киргизбей турду. Мен ошол жерде жүрдүм, "кесиптешибиздин жүрөгү ооруйт" деп айтып жаттык, бирок бизди эч ким уккан жок. Көп өтпөй УКМКнын кызматкерлеринин бири чуркап чыгып жардам сурап калды. Ызы-чуу башталганда мен жулунуп кабылдамага кирсем, А.Гапаров дем албай, отургучтардын үстүндө отуруптур. Ага жардам көрсөтүлдү, бирок кеч болуп калган.

Биз аталган кызматтын кызматкерлерине тиешелүү документтерди жана тинтүү кылууга уруксат берүүчү соттун токтомун сурай баштадык. Бизге эч ким эч кандай документ көрсөткөн жок. Ал эми "Тез жардам" кызматы Гапаров каза болгондон 1 сааттан кийин гана келди",- деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.04.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ ушул иш боюнча кененираак маалымат жаза аластарбы
12.04.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дегеле бийлик кандай иш кылып атканы жалпы коомго жакпай турат.Мына бийликтин оюуну кандай журуп атканын эл коруп атат.Премердин эч бир ишке жоопкерчиликсиз шашылыш кетиши Кыргыз элин кимдер башкарып атканын дагы бир жолу далилдеп койду.Жеенбековдордун кезеги келип калган окшойт.Ушу тапта башкарып аткан чиновниктерди 90%тин кырып салмайынча бизде онугуу ,осуу болбойт.Дагы бир жолу айтам буларды ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-12 15:59:23
12.04.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkasym-2014, провокацияга жол жок! Эскертүү!
12.04.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkasym-2014,бийлик менен премьердин кандай тиешеси бар бул жакка?Сариев кетпесе болбойт,иликтоо иштерине басым жасалат деп кызматынан четтетилиши керек,дуйнолук практикада жана конституцияда да ошондой,мыйзамдуу кадамга барды билбесен!
dubai түзөттү 2016-04-12 19:56:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: