super.kg logo

Бишкекте мектептин тосмосун бузуп кирип, 8 жашар баланы сүзүп анын өлүмүнө себепкер болгон мас абалдагы айдоочу камакка алынды

 

Бишкекте мектептин тосмосун бузуп кирип, 8 жашар баланы сүзүп анын өлүмүнө себепкер болгон мас абалдагы айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-апрелде саат 17:15 чамасында мас абалдагы адам Эне-Сай жаңы конушундагы №21-орто мектептин тосмосунан унаасы менен өтүп кирип 8 жаштагы Эдил аттуу баланы сүзүп алган. Жабыр тарткан бала алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болду.

Аталган фактыга шектүү катары 17 жаштагы С.В. аттуу мас абалдагы жаран камакка алынды. Ал унаасын башкара албай калгандыктан мектептин тосмосун сүзүп кирип кеткенин тергөөнүн жүрүшүндө билдирген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.04.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
17 жашта права береби? В дан башталган фамилия же ысым кыргызда барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: