"Эгер Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болсо, Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы кызматынан кетет" дейт КСДПнын лидери

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктөн премьер-министрликке талапкер ким болору бүгүн, 12-апрелде түштөн кийин айтылат. Бул тууралуу журналисттерге КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында, саат 14:00дө коалициялык көпчүлүккө кирген Социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү чогулуп, фракциянын атынан бир талапкер ким болорун чечишет. "Андан соң маалымат жыйыны өткөрүлүп, ал ким экени жалпыга жарыяланат",- деди КСДПнын лидери. Мындан тышкары Турсунбеков эгер Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке дайындалса, парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков ээлеген кызматынан кетерин баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-3

