super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Аз кандуулукка бозо даба"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Иммунитетти көтөргөнгө элдик рецепттерди жазабыз" деген тема талкууга алынууда. Ден соолук бардык нерседен жогору турат эмеспи, турмуштагы максаттарга жетиш үчүн да ден соолук орчундуу орунду ээлейт. Эмесе, темадагы билдирүүлөрдү байкап көрүңүз:

"500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 кесим лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун эртең менен жана кечинде 1 аш кашыктан ичүү сунушталат".

"Бозо ичсе жакшы көтөрөт, бирок бозо ичет десе мурдуңар кызаргыча ичип албагыла. Чеги менен ичиш керек. Таттуу кылып, жаңы сүзүлгөн бозодон ичиш керек".

"Бул жердегилердин баарын жасап иммунитет көтөрүлөт деген ката, анткени иммунитетти туура тамактануу жана физикалык жактан көп кыймылдоо көтөрөт. Жазылгандарды ач карын ичип-жеп туруп, бир күн кечке кыймылдабай, майлуу тамак жесек булардын эмне пайдасы бар? Пифагор айткандай, кыймылдуулук бардык дарынын ордун баса алат, бирок бир дагы дары кыймылдын ордун баса албайт".

"Дагы бир иммунитетти көтөрө турган элдик рецепт: күнүгө эртең менен ач карын 150 грамм кайнак сууга 1 чоң кашык бал кошуп ичип, 20 мүнөттөн кийин тамактана берсе болот. Бул аз кандуулук менен жабыркагандарга да жардам берет".

"Биринчиден, аз кандуулуктун алдын алуу зарыл, ал үчүн туура, өз убагында тамактануу, витаминдүү тамак-аш жана мөмө жеш керек. Каныңыздын аз экенин байкасаңыз, анда ар күнү эртең менен ач карын таза шараптан 50 грамм ичип туруңуз, уй этин, тилин, боор кууруп жесеңиз болот. Анар ширесин ичиңиз, кызыл алма жеңиз, ошондой эле гречка жана төө буурчактын кызылын жесеңиз аз кандуулуктан арыласыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
12.04.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ваййее ушундайды да реклама кылабызбы??? 1 стакан шараптын сурагы 1000 жылга созулаарын унутпасак!
12.04.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алкаш болуп кетебизго мындай да туугандар
12.04.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле алкаш болобуз))))
12.04.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кундо 50 граммдан уруп алып ишке жоногонумду элестете албай жатам
12.04.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай берип эле элдин Тен жарымы"аз кандуу"болуп кетпесин мындайда))))
12.04.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа,,бал менен жангак жаш керек,,,бат которот,,,ачкарын бал кошуп суу ичиш керек...тороттон кийин только бал менен сут ичип калгам ачкарын,,,
12.04.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах Арамга эч качан шыпаа салган эмес. Арамдан Адам онолбойт.
13.04.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып койгулачы боюнда барлар ичсе болобу?
Модератор admin_portal түзөттү 2016-04-13 09:33:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: