super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболунун келечектеги 7 жылдызы: Испанияда ойногон Эрбол, түркиялык "Бешикташта" ойногон таланттар жана башкалар...

 

Футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда "В" тайпасында 3-орунду ээледи. Команда тайпада Азия чемпиону Австралияга гана утулуп, калган командалар менен же тең ойноп, же аларды утуп жатты. Мунун артынан улуттук курам ФИФАнын рейтингинде алдынкы 100 команданын катарына кирди.

Учурда футбол тармагы жөнгө салынып, жаш таланттарды өстүрүүгө көңүл бурула баштады. Сиздерди кыргыз футболундагы "тинейджерлер" (жаш, таланттуу өспүрүмдөр) менен тааныштырабыз. Улуттук кураманын 5-10 жылдан кийинки лидерлери дал ушул балдар болмокчу.

Тизмени түзүүдө жаш футболчулардын таланттары, артыкчылыктары, айрым ийгиликтери эске алынды. Жеткинчектер ушул калыпта ойноп, машыгып, жыйынтык көрсөтө беришсе, 5-10 жылдан кийин күйөрмандарды нааразы кылышпайт.

АЗАМАТ МЕЛИСБЕКОВ

Амплуа: Коргоочу

Туулган жылы: 2000-жыл, 19-декабрь

Клуб: "ФЦ-РСДЮШОР" (Бишкек, Кыргыз Республикасы)

Азамат атаандаштардын чабуулун токтотууда жана команданын чабуулун уюштурууда ылдамдыгы, көсөмдүгү жана оюнду окуй билгени менен айырмаланат. 16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук кураманын капитаны. Майданда жана майдандын тышында өспүрүмдөр курамасынын лидери. Анын өсүп жетилгенин байкаган машыктыруучулар өткөн жылы Азаматты "Кейжи Юнайтед" командасынын курамында өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигага ойнотуу аракетин көрүшкөн. Бирок айрым себептерден улам бул максат орундалган эмес.

ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ

Амплуа: Чабуулчу

Туулган жылы: 2000-жыл, 25-ноябрь

Клуб: “Дордой” (Бишкек, Кыргыз Республикасы)

Жаш футболчулардын арасында 5-6 жылдан кийин улуттук кураманын лидерлерин татыктуу алмаштыра турган футболчулар өсүп жатат. Өспүрүмдөр курамасынын бычакка сап болчу жигиттеринин бири, сол капталда ойногон чабуулчу Гүлжигит Алыкулов атактуу Мирлан Мурзаевдин ордун басат деген үмүт чоң. Бул жеткинчек үчүн атаандаштын 2 футболчусун алдап өтүү маселе туудурбайт. Ошондой эле чиеленишкен "тактиканы" түшүнүүдө, алыстан жана жакындан дарбазага топту таамай багыттоодо мыкты. Ал өспүрүмдөр курамасынын бир катар голдорун, "Дордойдун" өспүрүм курактагы футболчулардан түзүлгөн командасынын бир катар голдорун өз эсебине жазып келет. Учурда ал өз курагындагы футболчулардан ылдамдыгы, жогорку чеберчилиги менен айырмаланат.

ЭРБОЛ АТАБАЕВ

Амплуа: Жарым коргоочу

Туулган жылы: 2001-жыл, 15-август

Клуб: “Гава” (Испания)

Эрболдун 4 жыл мурун "Барселона" футболдук клубунун кароосунда болуп, клубдун футбол мектебине окуу үчүн жөнөп жатканы мекендештерин аябай кубанткан. Ал 2012-жылы "Барселонанын" академиясына тапшырып, 2014-жылы бүтүрдү. Учурда ал Каталониянын чемпиондугунда "Гава" командасында ойноп жатат. Футболчунун чеберчилиги, ылдамдыгы жана оюнду өзүнө алып, керектүү учурда чабуулдарды өзү бүтүрүп жатканы көңүлдү бурдурат. Испаниянын мыйзамы боюнча футболчу 15 жашка толгон соң гана башка клубдардын сунушун кабыл ала алат. Андыктан Эрболдун ата-энеси түшүп жаткан көптөгөн сунуштарды август айында карап, анын кайсы клубда карьерасын улантары белгилүү болот.

АВТАНДИЛ ДҮЙШЕЕВ

Амплуа: Чабуулчу

Туулган жылы: 2001-жыл, 15-август

Клуб: “Бешикташ”, Түркия

Футбол менен "Sun City" клубунда таанышып, кийин Түркияга кароого жөнөгөн Автандил Дүйшеев көптү үмүттөндүргөн жаштардын бири. Ал 2014-жылы түркиялык "Фенербахченин" кароосунда болуп, бирок аны командага албай коюшкан. Шаабайы сууй түшкөн Автандилдин ата-энесине "Фенербахченин" элдешкис атаандашы, Стамбулдагы ири клуб "Бешикташ" жардамга келген. Учурда Автандил "Бешикташта" лидерлердин бири. Жакында эле ал "Фенербахчеге" каршы оюнда 2 гол жаратып, алардын ичин күйгүзгөнгө жетишти. Футболчу жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасына чакырылары күтүлүүдө.

Анын башкы артыкчылыгы ылдамдыгында, майданда пас берүү мүмкүнчүлүгүн убагында ишке ашырганында жана топ менен "жүрүүдө" жогорку чеберчиликке ээ.

ГҮЛЖИГИТ БӨРҮБАЕВ

Амплуа: Чабуулчу

Туулган жылы: 2000-жыл, 22-апрель

Клуб: “Дордой” (Бишкек, Кыргыз Республикасы)

Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунун тандоо турунда Гүлжигит Непалга айып соккусун голго айлантып көпчүлүктүн эсинде калган. Эгерде оң капталда ойногон сологой чабуулчу ушул калыпта өсө турган болсо, келечекте Антон Землянухинден кем болбойт деген ишеним зор. Ал атаандашты жазгырууда, таамай пас берүүдө жана өнөктөштөр менен оюн курууда мыкты. Учурда көп футболчулар сыяктуу эле Гүлжигитке Азия чемпиондугунда өспүрүмдөр курамасы менен жакшы жыйынтык көргөзүү талабы коюлган.

АЗИРЕТ МОМОШЕВ

Амплуа: Чабуулчу

Туулган жылы: 2000-жыл, 22-апрель

Клуб: “Дордой” (Бишкек, Кыргыз Республикасы)

Азирет коргонууда да, чабуулда да ойноону мыкты өздөштүргөн оюнчу. Ал "Дордойдун" курамында коргонууда ойносо, улуттук курамада машыктыруучу Самат Сүймалиев аны чабуулда колдонуп келет. Артыкчылыктары өнөктөштөрү менен түшүнүшкөнүндө, соккуларынын кубаттуулугунда. Атаандаштарга артын салып ойноо (корпус) анын майданда эң көп колдонгон ыкмаларынан.

АДИЛЕТ КАНЫБЕК УУЛУ

Амплуа: Коргоочу

Туулган жылы: 2002-жыл, 25-ноябрь

Клубу: "Бешикташ" (Стамбул, Түркия)

Учурда Адилетке Түркиянын жарандыгын алуу сунушталып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, футболчу кыргыз мамлекетинин улуттук курамасында ойноо үчүн башка сунуштардан баш тартып жатат. Борбордук коргонууда ойногон Адилет оюнду окуй билгени менен айырмаланат. Каршы чабуул уюштурууда, коргонуудан майдандын экинчи бөлүгүнө топту жеткирүүдө, каршылаштардын дарбазасынын алдында өнөктөштөрүнүн чабуулун колдоодо өтө активдүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
19.04.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кыйын футболчулар бир эле дордойдо бекен эмне.Мисалы ФЦ,Абдыш-ата,Алай да мыкты оюнчулар бар.Мисалы менин братишкам 2002 жылкы,6 мыкты оюнчу бомбардир болду.Кечээ жакында Алматадан да мыкты оюнчу алып келди.Баарын тегиз чыгаргыла да Дордой дордой эле дей бербей.
19.04.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызчылык кылып көөп кетпей татыктуу чоңоюшсун)))
19.04.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz kuramasy vqvn qyguudan bax tartkany emnesi? kyrgyz $utbolun uxular kotorot bolqu jogoru dengelge
19.04.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
талантуулар менин колуманда чыгат коросунор кийинки жылы набор башталат тарбиялайм ИншАллах
19.04.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буйруса ушул жигиттер менен дүйнө чемпиондугуна барабыз.
Ийгилик
19.04.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий азаматтар десе!Суроттордон эле корунуп турат мыктылар экени.
19.04.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай өмүрлөрүн берсин айрыкча Автанлил менен Эрболдон үмүт зор.
19.04.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
абдан таланттуу балдар экен.мен эрболду эле тааныйт экем жакшы
20.04.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрболдун оюнун кордум мессиге окшоп жакшы алдашат экен
20.04.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын келечеги кен Бирок мен да тан калам АЛАЙда деле мыкты оюнчулар бар бирок Кыргызстан курама командасына кошушпайт
20.04.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, Кыргыз болочогунун бир тизгини силерде екен..
23.05.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойунчуларга жакшы конул буруш керек башка олконун жарандыгын алганга жол бербейли озубуздо ойносун
11.10.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты ойносо ойносун кыргызым учун бирок акча учун бут кыргыздын беделин тушурбой. патриот болуп Кыргыз учун гана ойносун жигитер ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: