super.kg logo

Түптө спорттук мелдештен келе жатып жол кырсыгына кабылган 14 жаштагы кыз каза болду

 

Ысык-Көл облусунун Түп районунан спорттук мелдештен келе жатып жол кырсыгына кабылган 14 жаштагы О.Алтынай ооруканадан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Түп райондук ооруканасынын башкы дарыгери Бермет Токтомушова SUPER.KG порталына билдирди.

“4-апрелде оор абалда райондук ооруканага түшкөн Алтынай 8-апрелде таңкы саат 5те Бишкектеги балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. Кыз 12-апрелде каза болуптур”,- деди Токтомушова.

Эскерте кетсек, 4-апрелде Түп-Каракол унаа жолунда Тойота Эстима унаасы кырсыкка кабылган. Унаада бараткан 8 жаш бала ар түрдүү жаракаттарды алган. Жабырлануучулардын арасынан 3 бала аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө, ал эми 14 жаштагы кыз оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар Түп районунун борборунда өткөрүлгөн спорттук мелдешке катышып, кайра Маяк айылына бара жатышкан. Айдоочу унаасын башкара албай, унаа оодарылып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
13.04.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окунучтуу...Жакындарына терен кайгыруу менен конул айтабыз.
13.04.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,Кудайым бейишине ала кор...ата-энесине,бир туугандарына сабыр тилейбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: