super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Секонд-хенддин товарларын пайдаланса болобу?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Секонд-хенддин товарларын пайдаланса болобу?" деген тема талкууланды. Автор: "Секонд-хенддин товарларын пайдалансам болобу? Сапаты кандай, ден соолукка зыяны жокпу?"- деп суроо салган.

Колдонуучулардын жооптору мындай:

"Шаарга жаңы келип, жүдөп жүргөндө секонд-хендден кара, жакшынакай бут кийим алып, көп жыл кийдим. Элдин баары көз артчу".

"Ал кийимди кимдер кийди, балким, өлгөн кишинин кийимидир... Кытайдыкы болсо да жаңы эле алып кийген оң го".

"Бир студент кыздын билдирүүсүн окудум, элден өзгөчөлөнүп кийинүү үчүн дайыма секонд-хендден кийинет экен. "Эртең менен кирсем, 5-6 саатта араң чыгам, убактымдын кеткенине өкүнбөйм. Бул убакыттын ичинде канча килограмм кийим таап чыгам" деп жазыптыр. Дагы бир белгилүү эле адамдын "Кытайдын же "подделка" фирманын кийимин кийгенче секонд-хендден кийингеним оң. Анткени ал жердеги кийимдердин сапаты жогору" дегенин уккам".

"Товар секонд-хендге келгенче атайын дары-дармек кошулуп жуулат, анан гана башка мамлекеттерге таратылат жана сатыкка коюлат".

"Секонд-хенддеги товарлар башка мамлекеттен башка мамлекетке гуманитардык жардам катары алынып келинет. Аны биздикилер сатып акча кылышат. Кийимдеринин сапаты аябай жакшы, башкача кийимдер".

"Чынын айтканда, базардагы жаңы кийимдерге деле ишенич жок. Сатылып жаткан кийимди канча кардар кийип көрүп, жакпаса албай коёт. Кийимиң кымбат болсо да, жарашпаса бир тыйын. Жаңыбы, эскиби, кийим алганда үйгө барып жакшылап жууп алып кие бериш керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
13.04.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны сатып алган жакшы , секонд хенддин кийимдерине ичим жылыбайт , анысы аз келгенсип 90% скидка кылгандарычы.
13.04.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок сапаты жакшы Россиядагылар билишсе керек копчулугу алышатко жумушка кийгенге
13.04.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шарты жоторго бул деле ыңгалуу!мен өзүм ал жактан кийинбейим жакын базардан эле сапатына карап сатып алам
13.04.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оой секонд хендди айтасынарда...уйдо шкафтын баарв озумдун секондхендим чан басып жатат.оро беш алты качествосу таза жаны кийимин болсо Арыла албай жудойм. Андан коро жаны беш алты качество люкс кийимдерин болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: