super.kg logo

Өзгөндө "балдызынын 2 жаштагы кызын сабап өлтүргөн" деп айыпталган жаранга жабырлануучу тарап тосмо арыз жазды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда "балдызынын 2 жаштагы кызын сабап өлтүргөн" деп айыпталган жаранга жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Аталган факт боюнча иш Өзгөн райондук соту тарабынан кечээ, 12-апрелде каралды. Соттун жүрүшүндө жабырлануучу тарап менен кылмышка шектелген жаран өз ара пикирге келип, жабырлануучулар тосмо арыз беришкени белгилүү болду. Соттук отурум 14-апрелге жылдырылды.

Эскерте кетсек, окуя 2015-жылдын 26-октябрында саат 20:00 чамасында болгон. Анда Өзгөн районунун 39 жаштагы тургуну балдызынын кызын заара кылып койгону үчүн тарбиялоо максатында сабаган. Андан кийин кыз Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келе албай 27-октябрда көз жумган. Дарыгерлер кыз башынан катуу жаракат алганын айтышкан эле. Кылмышка шектүү катары кармалган жаранга кылмыш иши ачылып, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.04.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен эч качан кечирмек эмесмин!
13.04.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тосмо арыз дегенди алып эле салбайбы бекер эле соттордун да бизнесин күчөтпөй арыз жазганда ойлонуп жазбайбы эгер ата энеси тосмо жазса да жазасын алыш керек кылмышы такталса
13.04.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Наристе, болгондо да кыз баланын башынан катуу жабыркашына жол берген акмак эркектин колунан эмнени күтүп тосмо арыз жазып жатышат?..
13.04.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчан болсо калтанда, талтандасан талтанда!
13.04.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тосмо арыз жазса эле аны эркиндикке чыгарып койбой, 10-15 жылга отургузуш керек. Бул жерде мышык-ит эмес, алсыз бир наристенин омуру кыйылып жатат. Тосмо арыз жазган ата-энесинин акылы жок экен. Ооба, болор иш болду, кызын кайтарып алышпайт, бирок ушундай окуялар кайталанбасын, башка жаш-балдар дагы ушундай зоокурлордун колунан зыян тарпасын деп кечирбей коюшса болмок. Жазасын алыш керек по-любому!
13.04.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Наристеге кол которгон акмакты Аллах жазаласын.сага окшогондорду асыш керек
13.04.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул чыкса кайра эле алсыз кичикейлерди кордойт биринчи жолу колунан келген экинчи жолу да колунан келет мындай желмогуздардын ата-энеси нени ойлоп тосмо арызын беришти болду экен
13.04.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин сотторго соз жок коррупциялашып бутту,эми тосмо арыз жазып берди деп актап салат адам олуп жатса да,мин жолу тосмо арыз жазса да факт боюнча камаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: