super.kg logo

Бишкекте "таанышын мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте "таанышын мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Аламүдүн-1 районунун аймагынан жергиликтүү тургундар адамдын жансыз денесин таап, аны “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери өлүкканага жеткиришкен. Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында маркум 42 жаштагы Т.Бакыт аттуу жаран экени аныкталган. Анын денесин сырткы кароого алганда ал мыкаачылык менен сабагандан улам каза тапканы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 37 жаштагы Т.Тилек аттуу тургуну кармалган. Тергөө иштеринин алкагында кармалган жаран менен маркум экөө тааныш экени белгилүү болгон. Өз ара пикир келишпестиктен улам кылмышка шектелген жаран маркумга карата күч колдонуп, ал жерге кулап, башы ташка тийгендиктен ошол жерден көз жумган.

Азыркы тапта кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: