super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-АПРЕЛЬ: Мындан 37 жыл мурун түрк актёру, модель Мурат Йылдырым туулган

 
Түрк актёру, модель Мурат Йылдырым 1979-жылы 13-апрелде Түркиянын Конья шаарында жарык дүйнөгө келген. Апасы араб тили боюнча котормочу болсо, атасы театрда иштеген. Мураттын актёрлук шыгынын эрте ойгонушуна атасынын кошкон салымы зор болгон. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен эле окуусунан сырткары театрдагы ийримдерге катышчу. Мындан улам Мураттын актёрлук билим-тажрыйбасы эрте башталган.
Мектепти аяктаган соң болочок актёр Стамбулдагы “Йылдыз” техникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырат. Инженер-механик адистиги боюнча дипломдуу болгон Мурат университетте окуп жүргөндө да актёрлук чеберчилик боюнча кошумча сабакка барып жүрөт. Студенттик театрда ойноп жүрүп, 1999-жылы “Айрылсак да бирге болушубуз керек” деген сериалда роль аткарып, актёрлук тушоосун кескен. Адамды теше караган көз караштын ээси Мураттын карьерасынын башталышы ийгиликтүү болгон эмес. Ал 2003-жылы “Түбөлүк сүйүү” сериалында роль жаратып, бирок сериалдын рейтингинин төмөндүгүнөн улам анын 11 гана сериясы көрсөтүлүп, калганы көрсөтүлбөй калган. 2004-жылы “Баары менин балдарым” жана “Зор калп” деген сериалдарга тартылып, аз да болсо эл эсинде калганга жетишет. Эми гана киноиндустрияга аралашып келаткан таланттуу актёрго Түркиянын мыкты сериалдарын жараткан режиссёрлор көз сала башташат.
Йылдырымга популярдуулук алып келген тасма – 2006-жылы тартылган “Бороон” сериалы. Ушул сериалдагы ролу үчүн Мурат Түркиянын “Оскары” катары эсептелген “Алтын апельсин” сыйлыгын алган. Атак алып гана тим болбостон, сериалдагы өнөктөшү актриса Бурчин Терзиоглы экөөнүн ортосунда махабат оту жанып, 2008-жылы түгөйлөр баш кошкон. 2007-жылы чыккан “Аси” сериалындагы Демирдин ролунан кийин актёр Түркияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку суроо-талапка ээ актёрлордун тизмесине кирген. Мындай бийик абройдон улам актёр роль сунуштаган режиссёрлордун келишимдеги пункттарына өз талаптарын киргизип калган. Аны чет өлкөлүк тааныштары жана күйөрмандары Демир деп чакырышарын айтып, муну актёр сериалдын популярдуулугу менен байланыштырган. Мураттын катышуусундагы 2009-жылы тартылган “Сүйүү жана жаза” сериалы да эң ийгиликтүүлөрдүн бири болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о боже какой мужчина!
14.04.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
любовь и наказание канча корсомда коргум келет,коздору сулуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: