Сокулук районунун тургундарынын 2 пайызы мамлекеттик жөлөк пул менен камсыз болгон
Сокулук районунун тургундарынын 2 пайызы мамлекеттик жөлөк пул менен камсыз болгон. КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аталган райондогу башкармалыгынын маалыматы боюнча, ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 672 балага жөлөк пул каралган. Ошондой эле 2629 тургунга социалдык жөлөк пул берилет. Жыл башынан бери 22 айымга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул берилсе, 29 адамга сөөк коюу үчүн жөлөк пул берилген.
Ошондой эле райондо жыл башынан бери 735 жумуш оруну түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.