super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Келин жаман эмес, келген жери жаман"

 

Адамзаттын жашоодогу эң негизги максаттарынын бири - турмуш куруу, аны алып кетүү, артында туяк калтыруу. Турмуш курууда да чоң жоопкерчилик, туруктуулук талап кылынат. Бирок акыркы кездерде туруктуулук жоголуп, үй-бүлөдө ажырашуулар көп болгону байкалууда. Бул моралдык жактан аялга да, эркекке да, эгер бала болсо, балдарга өтө чоң сокку болору талашсыз. Бул маселе SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акыркы кезде ажырашуулар көп болууда. Буга ким күнөөлүү?" деген темада талкууланууда. Темада бири жокчулукту, кайнененин киришчээктигин себеп кылса, бири түгөйлөрдүн бири-бирин сыйлабастыгын, көзүнө чөп салуусун айтышууда. Ошондой эле мындан башка да пикирлер айтылды:

"Ажырашуунун көптөгөн себептери бар: сексуалдык жактан канааттанбашы, каражаттын жетишсиздиги, физикалык жана моралдык жактан бири-бирине туура келбестик, жоопкерчиликтин жоктугу".

"Ажырашууда бир тарапты эле күнөөлөй берген туура эмес. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деген сөз бар".

"Кыргызда сөз бар го, "биринчи катын - катын, экинчи катын - отун" деген. Анын сыңары, биринчи менен ажырашпоого аракет кылыш керек".

"Ажырашууга, эркек, сен биринчи күнөөлүүсүң! Эмнеге аялыңды тоготпостукка салып түнү-күнү жүрө бердиң? Эмнеге түгөйүңдүн көңүлүнө карабайсың? Эмнеге дайым досторуң менен жолукканда аялыңды эмес, башка кыздарды алып барып жаттың кечеге? Ушундай нерселердин айынан үй-бүлөдө көңүл калып, мамиле муздап, ажырашуу келип чыгат. Ошондуктан, достор, аялдарыбызды сыйлайлы. Сүйүп алдыңбы, демек, анын көңүлүнө дайым кара, болбосо баарынан кур жалак каласың".

"Бир кишинин аялы аябай ажаан болот. Жадакалса кошуналарынын да нерви чыдачу эмес экен. Бир күнү досу келип, "досум, ушинтип кор болбой ажырашып эле кетчи" дейт. Анда досу "Мен го кетирейин, бул мага окшогон дагы бирөөгө тийип, анын да шорун катырат го. Андан көрө бир менин кыйналганым жетиштүү эмеспи?" деген экен. Ошондуктан баарын сабырдуулук менен жеңиш керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(22)
13.04.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туптуура соз келген жери жаман.Ал кызда бироонун бапестеп Канаттууга жактырбай,тумшуктууга чокутпай баккан баласы.Бизда келин кутобуз.Кудаай деш керек ошон учун.Кээ кайненелер келиним тектуу жер эмес,анан кийит начар берди,оокат аз берди дешип наалышат.
Мисалы менин кайненем ата энем берген мебельди айтып чыккан.Сен ата Энен берген нерсеге мен отурбайм.Сен кыйын болбо торкунум оокатты шумдук берди деп.Ошого чуу кылган.Кет балама катын коп деген,Эми баласы 7 жылдан бери катынга жетпей журот Хаха.
13.04.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул создун бир аз болсо да чындыгы бар. Бирок,толук кошула албайм. Келген жери жакшы болгон учурда да,айрым келиндер бар-бакытты башкача элестеткен.
13.04.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
EdikoKG,туура айтасын, ошо бакытты которо албай,кыларга иш таппай алжып калгандар да бар бул дуйнодо.
13.04.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээде келинденда болот, эки женем бар, чону 87-жылкы кичинеси 92, чонуна караганда кичинеси токтоо тушунуктуу. Чон женем айтоор баары жетиштуу болсо да акемин тапканын тапкандай жок кылат, ар айда жок дегенде эки шым эки кофта алат аларды кийбейт деле этикеткасы менен чирип кетет, балдарына да ошондой алат, кыска чыдагыс кылыктарды кылат да, эми суроо туулат да эмне жетишпейт?менимче келинден да.
13.04.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эки жактан тен кетет.
Кайын журт тектуу болсо андан жакшы, бирок негизги роль кайненеде келинге далыны салса иштин буткону
куйоонду тааныбай каласын...
Калганы эчнерсе эмес
13.04.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коп кайненелер да келиндерди сынабай озунун келген кездерин эстешсе.
13.04.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mende da sanaluu ubakyt kaldy, men da jakynda kainenege baram, In Wa Allah biz ene mn kyzyndai bolup ketebiz buirusa
13.04.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келиндердин баары эле кайненесин жамандаптырго.Кайнененди озундун апандай сыйлап,бапестесен кантип кет демек эле.Силер да инилеринерге,жененелерине киришип жатсанар керек.Кайненеге чейин кайнеже,каинсиндилер кыйын болчу эле.Кайненеге оз энендей сыйлап,жакшы соз айтып,элдин мактоосунда болсонор кет деп айтпайт.Ой келиндер куноону озунордон издегиле.
Jyrgal_msk түзөттү 2016-04-13 20:36:54
13.04.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Аял жакшы-эр жакшы" деген соз бар.Жубайын которумдуу,сабырдуу,тушунуктуу болсо калганы жакшы болот.Бирок чын эле кээ бир энелер бар уулун келининен кызганган же болбосо тескеринче куйоосун кайненесинен кызганган.Бирок уй-булоолук жанжал бир аз болуп турса ашыктык кылбайт,тушунуу менен кабыл алса пайдасы бар жана жол корсотот келечекке.
13.04.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган жери жарашса, кара катын ак болот, жарашпаса Ай периң да бок болот. Бул сөздүн мааниси - келген келинди өз кылып кабыл алуу, баалоо, барктоо. Өз кызыңдын кемчилигин жашыргандай келинге да боор ачуу. Бирок үй-бүлөнүн бекемдигине эки жак бирдей себепчи, жоопкерчилик эки жакта тепетең.
13.04.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх кайнене кайнене! кайненеден отуп кайнежелер да эки жаштын жашоосуна кийлигишет. кечээ эле озунун келин болуп келгенин унутуп.
13.04.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба кайнене мн кайнеже соссуз кийригишип турат бирок баарына унчукпай койуу менен кутуласын. Унчукпай койсон тоодой балееден кутуласын озуно да жолдошуна да жакшы, байкуш еркектер же аялым же апам деп айта алышбай кыйналышат.
14.04.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
marmilantka,Унчукпай жертва болуп жургон туура эмес деп ойлом,келин деле тируу жан,унчукпай кутулсан,башына чыгып алышат.
14.04.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бейиш эненин таманында"кайнененда сенин энен,аны урматтап сыйла
14.04.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurmambet.kg,Сыйды которо билсе гана,сенда келинчегиндин апасын оз апандай жакшы коруп сыйлайсынбы,эч бир инсан Апасындай башка адамды корбойт.Сый,урмат,жакшы коруп жакшы мамиле гана кыла аласын.
14.04.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтылган создор,менин кайненемдин кол которгонунон, кызым менен апамдын жанында жашап журом.
14.04.2016. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда барсан мамайдын кору деген.Андыктан ар ким озуно баа бериш керек жакшы бол сылык суйло чокуна чыкса тушуруп озуно жараша бол.Бирок биринчи булоону бузбай сактап калгыла кыздар ойлонуп чечим кабыл алыш керек,керек болсо турмушка чыкпай суруштургуло кандай инсандар,кийин ошого карап мамиле кыласынар жакшы болсо да жаман болсо да тил таба билуу айалдын эн чон куралы .Эч кимдин уй булоосу бузулбасын.Тошок маселесине келсек эринден эмес озундон жарабаса сабырдуу бол башкага кетсе изде себебин.
14.04.2016. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир нерсе деиш кыйын,кееде кайнене жакшы чыкса келини характери болуп калат,келин жакшы болсо кайнене жаман,бирок кобунчо аял кулуп гана женип кетиш керек,ээби менен конечно.кайнене акылдуу болсо эч убакта келин жаман болбойт.
14.04.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир кайын эне келиндин ортосунда пардо бар...апамды эжекемди сыйлайм жакшы корооом шугур Аллага ушундай уй булого туш келгениме....албетте анча мынча нерселер болот...аларды жолдошума айтпам....аны сыйлам жана суйооооом!!!!келинки сабырбуулук менен женебиз....мин жиним келип турсам да сооонун тамактарды жасап келиниз алыныз деп турам атам апамды...ээээх жакшы короооом кайын журтумду!!!!Аллага чексиз шугур!
14.04.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинди жакшы тарбиялап алуусу керек кайненеси менен жолдошу. Апасынан канчалык тарбия алып чыккан кыз болсо да бир жылда эле кайненесине окшоп калат. Кайнене ушакчы болсо келин да ушакчы болот. Жолдошу туруктуу, чечкиндуу болуусу керек. Уй булонун жугу куйоосунун гана колунда болуусу керек. Ал учун эркек дастойный болууга тийиштуу. Ойнок эрдин турмушу да ойнок болоору турган иш.
14.04.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Magusi, abusait, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазыңыздар!
14.04.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы жакшы тема экен, менимче адамдын озунон еле экен мисалга менин келинчегим алсам озунун ордун билет.Апам да билет бирок деген жери катындын амалы кырк эшекке жук деген жери да бар,келген жери жакшы бирок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: