super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Бийлик кылмышкер Батукаевден чучук сурады (толукталды)

 

Бүгүн, 14-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңеш бүгүн спикер шайлай албады. Маселе күн тартибине киргизилгени менен, фракциялар ортосунда талаш жаралып, акыры кийинки аптада карамай болушту. Депутаттардын сөзүнө караганда, коалициялык көпчүлүк төрагалыкка жалгыз талапкер тандай албай, казандын башында устукан талаш кызуу жүрүүдө. Парламентке спикер болору айтылып жаткан Бакыт Төрөбаевге байланышкан бир нерсе бардай. Анын фракциялашы Тынчтык Шайназаров: "Урушпай, талашпай чечишип алсак... Бир талапкерди тандап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштайлы. Болбосо кара пиар башталды",- деди.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаевдин ортосунда спикерликти талашуу жүрүп жаткан өңдүү, анткени төрагалыкка талапкер катары бул экөөнөн башкалардын аттары айтыла элек. Сариевди кетирүүдөгү кызматы үчүн жогору жактагылар спикерликти Исаевге берери тар чөйрөдө айтылып жаткан. Жогорку кызмат башчыларын дайындоодо аймактык кызыкчылыктарды териштирүү адатынан азыркы бийлик деле толук арыла элек. "Өкмөт башчылыкка тиги аймактын кадры отурду, эми спикерликке бул аймактыкы дайындалышы туура" деген принцип иштеши мүмкүн, анткени президенттик шайлоого карата баланстын сакталышы жеңишке жетүүнүн маанилүү инструменти... Көрө жатарбыз, миң татыктуу болгон күндө да бийлик башындагылар Төрөбаевди спикерликке отургузушу кыйыныраак...

Бул арада оппозициялык "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары "биз деле талапкер сунушташыбыз керек" деп чыгышты. Айтор, парламентте кызмат көйгөйү. Чек ара талаштарын чечүү, электр энергиясынын тарифтерин арзандатуу, коомду каптап бараткан кылмыштуулукка каршы кескин чараларды кабыл алуу тууралуу азырынча сөз боло элек, качан болору да белгисиз.

Кыргыз мамлекетинин тышкы карызы өкмөткө көйгөй жарата баштады. Тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашып кеткенин каржы министри Адылбек Касымалиев билдирип, тийиштүү мыйзамдарда жаралган карама-каршылыктарды жоюуну парламентке сунуштаган эле, тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет...

Белгилей кетсек, 2010-жылы шайланган V чакырылыштагы парламент тышкы карыз ИДПнын 60 пайызынан ашпашы керектиги тууралуу мыйзам кабыл алган. Эл аралык валюта фондунун өлкөбүзгө койгон талабы ушундай... Мамлекеттин карызы ИДПнын 60 пайызынан ашып кетиши эмнеси менен кооптуу? Адистер мунун негизги эки коркунучун айтышууда: биринчиси - Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду мамлекетке насыя берүүнү токтотушу мүмкүн. "Койгула, алыңарга жараша иш кылгыла" деп сырттан карыз алуучу каналдарды бууп салуу коркунучу. Экинчиси - аталган каржылык уюмдар өлкөнү дефолт деп жарыялап, Кыргыз Республикасын экономикалык көз карандылыкка кептеши мүмкүн. Карызды төлөтүү үчүн эл аралык нормалардын негизинде мамлекеттин мүлктөрүн, акцияларын "соодалоо" аракеттери башталышы мүмкүн экени айтылды. Мындайда экономика өксүп, бийликтин "баланча жылга чейин түкүнчө долбоор ишке ашырылат" деген убадалары уктап калышы мүмкүн, акча болбосо кайдагы долбоор...

Расмий маалыматтарга таянсак, учурда мамлекеттин карызы 3 миллиард 800 миллион доллардын тегерегинде. Бул сумманы ар бир кыргызстандыктын моюнуна илгенде орточо 633 доллардан же 44 миң сомдон айланат. Өкмөттүн жылдык отчётторунда баары укмуш... Экономика, ички дүң продукциянын көлөмү дүркүрөп өсүп коңшуларды артка таштадык... Бирок бийлик башындагыларга байкалган "өнүгүүлөр" иш жүзүндө катардагы жарандардын көпчүлүгүнө көрүнбөй жатат. Карыздан карыз алып жыртык-тешиктерди бүтөп жатканы менен, ошол миллиондорду төлөй турган учур да келет. Мамлекет моюнундагы карыздын көлөмү жакыр өлкөнүн жарандарын сөзсүз ойлондурат. Анткени ошол карыздар менен анын үстөк пайыздары катардагы жарандар төккөн салыктардын эсебинен - республикалык бюджеттен төлөнүп жатат. Алынып жаткан акчаларга эмне иштер бүтүп жатат? Ошол миллиондор өзүн актай турган долбоорлорго жумшалып жатабы же шамалга сапырылуудабы? Көпчүлүккө мунусу белгисиз. Кыргызстандыктар бир нерсени так билишет - акыркы 6 жылда сырттан алынган акчага курулган жолдор 1 жылга жетпей талкаланууда...

Аалы Карашев жаңы кызматка отурду. Сариевдин өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалаган Карашевди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кылып дайындады. Аталган кызматта буга чейин Сооронбай Жээнбеков иштеп келген. Карашевге ишеним артса, демек, анын мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы президенттик администрацияга керек болуп тургандай. Логикалык жактан алганда, биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген тажрыйбасы жана орто муундагы саясатчы катары Карашев премьерликке көбүрөөк жарашмак. Көп жыл жетекчилик кызматтарда иштегенине карабай эч кандай ызы-чууга аралашпаган саналуу саясатчылардын бири. Мындай көрүнүш кыргыз саясатында сейрек кездешет.

Өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаева парламентте жылдык иши тууралуу отчёт берди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып башкы прокурор криминалдык дүйнөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин жагдайына токтолду. Жолдубаева Батукаев жилик чучугунун үлгүсүн Башкы прокуратурага бербей койгонун айтып, анын анализдерин алмаштыруу фактысын изилдөө үчүн анын жилик чучугу сөзсүз керектигин билдирди. Бийлик түштөн кийин ойгонуп Батукаевдин чучугун сураганы күлкүнү келтирет. Аны түрмөдөн бошотуп, өлкөдөн чыгарып жатканда азыркы чучук сурагычтар кайда эле? Эгерде анын качырылышын бийлик башындагылар чын эле билбей калышса, эмне үчүн жалган маалыматтарды айтып өлкөдөн чыгарып жибергендерди жазага тартпайт? "Качырууга катышты" делгендердин баары өлкөнүн ичинде эле жүрүшпөйбү... "Батукаевди качырууга бийлик башындагылар өздөрү кызыкдар болушкан" деген сөздөр ушундай жагдайларда күчүнө кирет...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: