super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-АПРЕЛЬ: Мындан 104 жыл мурун дүйнөдөгү эң кубаттуу, чоң жана кымбат “Титаник” кемеси айсбергге урунуп, океан коюнунда жок болгон

 

1912-жылы 14-апрелде дүйнөдөгү эң кубаттуу, чоң жана кымбат “Титаник” кемеси айсбергге урунган. Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча 10-апрелде сууга чыккан кеменин бул алгачкы жана акыркы сапары катары тарыхта калды.

Кемелердин падышасы “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна болгон. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабаттуу үй менен салыштырууга болот. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар. Өкүнүчтүүсү, адистер кеменин коопсуздугуна караганда анын кооздугу жана ылдамдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорттук залдар, теннис аянтчалары, ресторандар салынган. Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн. Кемеде 20 куткаруучу кайык болгон. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен, кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган.

“Титаник” 1912-жылы 14-апрелде айсбергге урунуп, 2 саат 20 мүнөттүн ичинде океан коюнунда жок болгон. Кемедеги 2227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.

14-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.04.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,суу менин фобиям.
14.04.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото сонун курулган, бирок булардын бир гана катасы Титаникти жасаган киши "БИЗДИ ЭМИ КУДАЙДА ДА, ЖЕ АЛЛАДА ДА ЧОКТУРО АЛБАЙТ" деп койгон экен ошон учун чоккон дешет!
14.04.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Титан деген соз кудайдын каарына калган дешеби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: