super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Абысыным кайненеме жакшы көрүнөм деп мени менен атаандаша берет. Мен аны менен достошкум келет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Абысын - аңдышкан жоо" деген тема талкууланып жатат.

Темада мындай пикирлер айтылууда:

"Менин бир улуу абысыным бар, бирок менден эки жаш кичүү. Көп нерсени биле бербейт, анан мен жасаган жумуштарды жактырбай сүйлөнө берет. Экөөбүз дагы эле келише албайбыз".

"Бардык эле абысындарды "аңдышкан жоо" деп айтуу туура эмес. Менин апамдын 6 абысыны бар. Эң улуусу менин апам. Калганы апакемден кеңеш сурап, кайда барышса жетекчи кылып жандап жүрүшөт. Чоң энем да мактанып калат, "Мурунку көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат экен. Кудайга шүгүр, эң улуу келинимдей болуп кийинкилери да жакшы чыкты" деп".

"Меники болсо "подхалимка". Абысыным кайненеме жакшы көрүнөм деп мени менен атаандаша берет. Мен аны менен достошкум келет, бирок ал элдин көзүнчө же кайненемдин жанында өзгөрүп кеткени жакпайт".

"Менин бир эле абысыным бар, ынтымактуу бололу деп жакшы эле аракет кылам, түшүнбөйт, ачылбайт, кылтыйып эле турат. Таң калам, анан мен да сый мамиле кылып унчукпайм".

"Биз беш абысынбыз, мен эң кенжесимин. Улууларын апамдай эле көрөм. Үчүнчүсү менен сырдашам, кээде "хитрая" болуп кетет, бирок теңелбейм. Менден улуусу көрө албайт такыр. Көңүл бурбайм, колдон келишинче сыйлаганга, сыйлуу болгонго аракет кылам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: