super.kg logo

"Пара алып жатканда кармалып, жүрөгү токтоп каза болду" делген Абдыкерим Гапаровдун маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлөт (фото)

 
Каза болгон А. Гапаровдун жубайы.

Бүгүн, 14-апрелде Ак үй алдына "пара алып жатканда кармалып, жүрөгү токтоп каза болду" делген И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун туугандары митингге чыгышты.

Маркумдун туугандары менен 3 сааттан соң Жогоку Кеңештин ар бир фракциясынан бирден өкүл чыгып жолугуп, алардын талаптарын угушту. Депутаттар Гапаровдун маселесин бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрө тургандыктарын айтышты.

Айта кетсек, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен жүрөгү токтоп калып каза болгон" деп билдирген. Бирок Гапаровдун жакындары УКМКнын бул ишке тийиштүү болгон кызматкерлеринин жоопко тартылышын талап кылып келишет. УКМКнын тийиштүү кызматкерлерине бул иш боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми бир нече күн мурун Гапаровдун уулу маалымат жыйын өткөргөн. Анда ал күч органдарында иштеген адамдар атасынын өлүмү боюнча ишти жабуу үчүн ага акча сунушташканын, алардын талабына макул болбогондуктан коркутуулар болуп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.04.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет акыркы жылдары медакадемияга отуш учун жок дегенде 4000$ пара талап кылчу канча деген жаштар ото албай коз
15.04.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөлүүлөр жазасын алыш керек да адам өмүрү оюнчук эмес го. Пара алып жатканда кармаган видеосун көргөзүшбөйбү? Жөн эле курук сөз менен пара алып жаткан деп жалган жалаа жапбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: