super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды

 

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңеште өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга, каржылык ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган долбоорунан кыйла айырмаланып турат. Мыйзам долбоору аркылуу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга, КРнын Кылмыш кодексине негизинен эки өзгөртүү киргизилүүдө: биринчиси – "эл аралык коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк чечмеленип берилет, экинчиси – алар ачык-айкын иш жүргүзүп, өз бюджетин жарыялоого тийиш.

Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева өкмөт бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында 1,5 миңден ашуун чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм иштейт. Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары мамлекеттик каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчёт берүү менен аларды жарыялап турууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: