super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо кийинки жумага калды

 

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо кийинки жумага калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде парламент жыйынында вице-спикер Нурбек Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, эки фракция төрага кызматына талапкерлерин сунушташты. "Мыйзамга ылайык, талапкерлер парламенттин тармактык комитеттеринде каралып, андан соң парламенттин кароосуна сунушталат. Азырынча эки талапкер бар. Дагы башка фракциялардан талапкерлер күтүлүүдө",- деди Алимбеков.

Айта кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков анын агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: