Бишкекте "мас абалында унаанын айнегин жана бамперин талкалаган" деген шек менен 19 жаштагы эки кыз кармалды

Борбор калаада "мас абалында унаанын айнегин, бамперин талкалаган" деген шек менен 19 жаштагы эки кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 24 жаштагы Сокулук районунун А.Ж. аттуу тургуну кайрылган. Ал 13-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында М.Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинен мас абалдагы белгисиз кыздар Тойота Аллекс үлгүсүндөгү унаасынын айнегин жана бамперин талкалап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.Ж. жана Т.Н. кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Ыймандуу кыздарыбыз бар, жамандар билинбей жатат.