super.kg logo
  Спорт  

Азиянын Чакырык Кубогун уткан кыргыз хоккейчилери, күйөрмандар маңдайы жарыла кубанышты (сыйлык тапшыруу аземинен фоторепортаж)

 

14-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасы, Индия, Катар, Макао жана Малайзия курамаларынын катышуусунда өткөн Азиянын Чакырык Кубогу жыйынтыкталды. Мелдеште 4 оюнда атаандаштардын дарбазасына 37 шайба киргизип, максималдуу 12 упай топтогон мамлекетибиздин улуттук курамасы жеңүүчү аталды. 2-орунду 9 упай топтогон Малайзия курамасы багынтса, алдынкы үчтүккө Макао курамасы атын жазды (5 упай). Катар курамасы 4 упай топтосо, Индия 1 упайга ээ болду.

Мелдештин сыйлык тапшыруу аземин КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров, КРнын Хоккей федерациясынын президенти Анарбек Оморканов, Эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү өткөрүштү.

Мелдештин мыкты оюнчусу болуп улуттук курамада ойногон Олег Колодий табылды.

Оюндан кийин улуттук кураманын өкүлдөрү мээлейлерин, баш кийимдерин чечип ыргытып, катуу кубанышты. Андан соң парадга даярдануу үчүн кийим которуучу жайга жөнөгөн хоккейчилер көп өтпөй калпак кийип кайтып келишти. Бул учурда сыйлык тапшыруу аземине маани бербеген күйөрмандар кетип, баштагы көрүүчүлөрдүн 50 пайызы гана калган. Медаль тагынып, кубокту колго алган спортчулар муз аянтын айланып, күйөрмандарга колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти. Андан кийин чемпиондук фотосессияга орун берилди. Анда спортчулар кубок менен, күйөрмандар спортчулар менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Мелдеште орун алган бардык оюндардын жыйынтыктары:

9-апрель
Катар — Малайзия - 1:3
Индия — Кыргыз Республикасы - 1:11

10-апрель
Макао — Индия - 7:6
Кыргыз Республикасы — Катар - 9:0

11-апрель
Макао — Катар - 4:1
Кыргыз Республикасы — Малайзия - 9:5

13-апрель
Малайзия — Макао - 6:1
Индия — Катар - 2:5

14-апрель
Малайзия — Индия - 11:5
Макао — Кыргыз Республикасы - 1:8






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(18)
15.04.2016. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аябай жакшы жаңылык биздин команда азаматсыңар ар дайым жеңишке жетип жүргүлө
15.04.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doni89,формалары да эң жакшы !
15.04.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын журоктон куттуктайм))!
15.04.2016. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
урааа
15.04.2016. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кубанычтуу кабар.Азаматсынар!!!!!
15.04.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар
15.04.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргыз!
15.04.2016. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койкойгон калпагынардан садага!Азаматсынар!Ура!Ура!Ура!
15.04.2016. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун! Алга!!!
15.04.2016. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргызстанга тен келе турган команда жок экен...37 шайба 4оюнда ....ар бир оюнга 9дан гол туура келет экен...ватят
15.04.2016. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун кабар!
15.04.2016. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үуррраа кут болсун барыбызга
15.04.2016. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым бизге да Дуйно чемпиондунун насип кылсын. Канада менен Орусия эле чемпион боло бербейт биз да чемпион бололу ошол кун келишин аллах насип этсин.
15.04.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз биздин команданы,ушул олколордун арасынан биздин эле олкодо кар жайт болуш керек ал жагын да эске алыш керек:))
15.04.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asiana, кар жааганы менен ачык асманда хоккей ойноочу жайыбыз жок.баары эле атайын музду жасап ойношот. Азамат балдарыбыз! Алар онуккон олколор бизге караганда.хоккей ойногону шарты бар бизге салыштырмалуу. Биздин жигиттер мыкты экенин далилдеди.
15.04.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
15.04.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер! Рахмат силерге!
15.04.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жанылык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: