super.kg logo

Москвада 73 куруучу тамак-ашка ууланды. Алардын арасында кыргыз жарандары да бар

 

Орусиянын Москва шаарында 73 куруучу тамак-ашка ууланды. Орусиялык ММКлардын маалыматтарына таянсак, 13-апрелде аталган шаардагы жатаканалардын биринде Рублёв шоссесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирин куруп жаткан 73 куруучу тамак-ашка ууланып калган. Алардын көпчүлүгү Тажикстандын жарандары, арасында кыргыз жарандары да бар экени белгилүү болду.

Аталган жатаканада ашкана жок болгондуктан, жетекчилери жеке фирма менен келишим түзүп, алар куруучуларды тамак-аш менен камсыз кылып турушкан. Кечки тамакты ичкенден соң алар өздөрүн жаман сезип, “Тез жардам” кызматкерлерин чакырышкан. Окуя болгон жерге 27 “Тез жардам” унаасы барып, жабырланган жарандардын баарын ар башка ооруканаларга жеткиришкен. Алгачкы жардам көрсөткөн соң жабыркагандардын айрымдары ооруканадан кетишкен. Аталган факт боюнча тиешелүү кызматкерлер тамактарды текшерүүгө алып, иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.04.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым озу шыфаа берсин!
15.04.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы объект экен?кандай аталыштагы курулуш толук жазбайсынарбы?
15.04.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulsin,Билишпесе кайдан жазат?
15.04.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда тел РНТВ деген каналдан кечээ коруп чота Кыргыздарга окшоттум эле.Жыргап кулуп бири бирине капельница кармап турушкан.
Эмнеси болсода болок Эл ботон жерден тынч кырсыгы жок кетелик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: