super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Депутаттар кызматтык унаадан баш тартышканын милдет кылууга өтүштү

 

Бүгүн, 15-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык унаадан баш тартышканын милдет кылууга өтүштү. Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын кызматтык унаада жүргөнүн сындап, депутаттар жөө жүргөндө анын бекер унаада жүрүшүнө жол берилбеши керектигин айтты. Кыларга иши жок, бекерчилер ушундай майда-чүйдө нерселерге кийлигишип жүдөтүшөт. Депутаттар карай турган көйгөй толтура го... Негизи, азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын артыкчылыктардан баш тартуусу ызы-чуу менен коштолгон. Шайлоо алдында "бизге артыкчылыктын кереги" жок деп убада беришкен КСДПнын депутаттары баш болуп кол тийбестик, даяр үй, кызматтык унаадан айрылып калбоого жан талашышты. Бирок акыры уялышты окшойт, унаадан толук түрдө, кызматтык батирден жарым-жартылай баш тартышканы белгилүү.

Бүгүнкү күндө бекер батирде жашаган 17 депутаттын 14ү бийликтеги КСДПнын депутаттары экени жакында жарыяланып, коомчулук муну КСДПнын шайлоо алдындагы убадасына турбаганы катары сындады. Мындан кийин фракция депутаты Тилектеш Исаев батирден баш тартарын билдирген. Бийликчил партиянын өкүлү Тилектеш Исаевди итке минген кедей деп айтуу кыйын. Мурда Эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплекстин башчысынын орун басары,
“Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасынын башкы директору болуп иштеген. Жарым жыл мурун "Жогорку Кеңешке шайлансак чыгымды кыскартабыз" деп күпүлдөгөн партиянын депутаттарынын жоон тобу бүгүн кызматтык батирди ээлеп отурушат. Жөнөкөй убадасын аткара албаган партиянын башка ири убадаларга күчү жетери күмөн. Бул элди, өзүнүн шайлоочуларын сыйлабастык...

Бийлик электр энергиясынын тарифтери боюнча элдин башын айлантуу жолуна түштүбү? Жакында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушканда Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев электр энергиясынын тарифин 10 пайызга көтөрүү планын айтып, президент "азыркыдай кризис маалында тарифтерди көтөрүүгө болбойт" деп билдирди. Мамлекет башчынын мындай позициясын "элге күйүмдүүлүк" дегенге эртерээк. Жөн гана сооротуу, коомдо чыңалып бараткан нааразычылыкты башка нукка буруу аракети катары бааласа болот.

Тарифтер боюнча нааразычылык арбын, электр энергиясы жаатында атамбаевдик бийлик бакиевдик режимден укмуш айырмаланып, эл жыргап кеткен жок. Бирок президент "Датка-Кеминди" курдук, энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик" деп айтып бүтө албай жатат. Колдонгон светинин баасы арзандап, турмушуна жеңилдик кирмейинче "Датка-Кеминден" онду курса да элге кызыгы жок. Негизги суроо - бакиевдик бийликтин тушундагы энергетикадагы коррупциялык схемаларды атамбаевдик бийлик жогото алдыбы? Алты жылдан бери буга президенти да, спикери да, премьери да так, ишенимдүү жооп айта алган жок. Азыр сурасаң да "ошол схемаларды жок кылыш керек" деген жооп узатышат, жок кылууга 2010-жылдан бери бийлик башында отурган партияга эмне тоскоолдук кылды? Эгерде жок кылып жиберишсе, тармакта сол чөнтөктөргө түшүп жүргөн миллиондор казынага түшүп, чирип жаткан чубалгылар менен улам бузулуп жаткан ГЭСтерди жаңылап бүтүүгө мүмкүндүк болот эле го. Бүгүн "энергетика тармагы өлгөнү калды" дешип, аны калыбына келтирүүгө акчаны элдин эсебинен чогултканы жатышат.

Электр энергиясын кымбаттатканы үчүн бийликтен куулган президенттин ордуна келген президент катары Атамбаев тарифтерди түшүрүүнүн, элге жеңилдик берүүнүн демилгечиси болушу керек эле. V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарифтерди аныктоо укугун өкмөткө өткөрүп берип, бүгүн президент менен парламенттеги бийликчил партия көрмөксөн болуп отурганы чындык.

Өкмөт 2014-жылы электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизип, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 20 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өкмөттүн башка чечими менен 2015-жылдын 31-мартынан баштап электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 82 тыйындан төлөө тарифи коюлган. 2015-жылдын 1-августунан тарта тарифтер кайра өзгөрүп, 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Учурда ушул тариф күчүндө. Жогорудагы тарифтердин баары Казакстандан импорттолгон электр энергиясынын наркын эске алуу менен коюлган. Бүгүн импорт жок, бирок тариф өзгөрүүсүз калды. Атамбаев тарифти көтөрбөй тургула дегендин ордуна төмөндөтүүнү сунуштаса болмок...

Бул апта маанилүү саясий окуяларга бай болду. Өкмөт башчысы отставкага кетип, ордуна жаңысы дайындалып, парламент төрагасы кызматын тапшырууга үлгүрдү. Адатта премьер-министрди шайлоо 1-2 аптага созулчу. Мунусунда иш көз ачып жумгуча бүтүп, премьерди алмаштыруу алдын ала пландалганы тастыкталгандай болду. Кийинки аптада спикер шайлоо башкы окуялардын бири болгону турат, учурда аталган орундун тегерегинде "соодалашуу" кызып жаткандай.

Болжолдонуп жаткандай эле учурда талапкер катары "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин ортосунда талаш жүрүп жатат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин спикерлигине сунушталышы мүмкүн болгон дагы бир талапкердин аты аталды: "Республика - Ата Журт" фракциясы төрагалыкка Руслан Казакбаевди сунуштаганы жатат. Анын талапкерлиги фракциянын жабык эшик артында өткөн жыйынында каралды. Депутаттардын айтымында, кийинки аптага чейин Казакбаевдин талапкерлиги коалициялык көпчүлүк менен макулдашылат. КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков талапкер тандоодо бир чечимге келүү кыйынчылык жаратып жатканын моюнга алды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: